Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 40-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 26-июлу № 376-б

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 460-б буйругунун редакциясына ылайык)

Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга тартуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасы жылына бир жолу өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасынын II этабын өткөрүү күнүн белгилесин;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасынын II этабы, тиешелүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде өткөрүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

биринчи вице-премьер-министри

 

А.Карашев