Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 40-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 21-ноябры № 460-б
Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга тартуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июлундагы № 376-р буйругуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобо ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 460-б буйругуна тиркеме |
1. Максаттар жана милдеттер
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасы (мындан ары - Спартакиада) төмөндөгү максаттарда өткөрүлөт:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү;
- дене тарбияны, спортту жана сергек жашоо образын кеңири үгүттөө жана жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин дене тарбия жана спорт менен такай машыгууга тартуу;
- Спартакиаданын мыкты командаларын-катышуучуларын аныктоо;
- дене тарбиялык-массалык жана спорттук иштерди уюштуруунун формаларын өркүндөтүү.
2. Өткөрүү мөөнөттөрү жана орду
Спартакиада эки этапта өткөрүлөт:
- I этап - июль-август - массалык тандоо мелдештери Кыргыз Республикасынын ар бир мамлекеттик органында өткөрүлөт;
- II этап - октябрь-ноябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин финалдык мелдештери Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Спартакиаданын I этабына катышпаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары II этапка катыша алышпайт.
Спартакиаданын II этабы Бишкек шаарынын ачык аянттарында жана спорт залдарында өткөрүлөт.
3. Мелдештерди өткөрүүгө жетекчилик кылуу
Спартакиадага даярданууга жана өткөрүүгө жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жүзөгө ашырат.
Спартакиаданы түздөн-түз өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген башкы калыстар коллегиясына жүктөлөт.
4. Мелдештерди өткөрүүнүн шарттары
Мелдештерге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын командалары катышат.
Мелдеш эки топто өткөрүлөт:
биринчиси - Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында;
экинчиси - Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнө кирбеген мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында.
Спартакиаданын тандоо мелдештеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери милдеттүү тартипте мелдештин программаларынын бирине катышуусу керек.
Мандаттык комиссияга төмөнкүдөй үлгүдөгү документтер берилет:
- катышуучулардан жана командалардан өтүнмөлөр ушул Тиркеменин 1 жана 2-тиркемелерине ылайык белгиленген формада;
- ким экендигин тастыктоочу документ;
- I этаптын тандоо мелдештеринин протоколдорунун көчүрмөлөрү.
Мелдештин катышуучулары жөнүндө маалыматтардын тууралыгы үчүн жекече жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчилиги жана кадрлар бөлүмүнүн начальниги тартат.
Эскертүү:
- мелдештин баардык түрлөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ошол органда 6 (алты) айдан кем эмес иштеген кызматкерлери гана катыша алышат (тигил же бул мамлекеттик органда ээлеген кызмат ордуна карабастан);
- катышуучуларга спорттун эки түрү боюнча катышууга жол берилет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан түзүлгөн жана бекитилген Мелдештер программасына ылайык);
- Спартакиаданын программасына (улуттук спорттук уюмдардын сунуштамалары боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине макулдашуу менен спорттун түрлөрү боюнча көрсөтмөлүү мелдештерге өтүнмөлөр берилиши мүмкүн.
Мелдештердин программасына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын биринчи жана экинчи топтогу кызматкерлери катышат, бирок мында эки топто жыйынтыктар өз-өзүнчө чыгарылат:
- Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында;
- Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнө кирбеген, ушул Тиркеменин 3-тиркемесинде каралган мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында.
§ 1. Спартакиаданын программасы
Спартакиаданын программасына спорттун тиешелүү түрлөрү боюнча эрежелерге ылайык спорттун жеткиликтүү жана таанымал түрлөрү киргизилди.
Спорттун ар бир түрүндө мелдештерди өткөрүүнүн тартиби башкы калыстар коллегиясы тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги түзүлгөн жагдайларга жараша (катышуучулардын саны, аба ырайынын шарттары ж.б.) башкы калыстар коллегиясына мелдештерди өткөрүү тартибин жана күнүн өзгөртүүгө уруксат бериши мүмкүн. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилерине алдын ала билдирилет.
§ 2. Армрестлинг
Команданын курамы - 10 адам (3 аял, 6 эркек жана 1 өкүл).
Жеке мелдештер: оң колдо, аялдардын жана эркектердин арасында өткөрүлөт.
Аялдар арасындагы салмактык категориялар:
60 кг, 70 кг, 70+ кг;
Эркектердин арасындагы салмактык категориялар:
60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100+ кг.
Катышуучулардын санына жараша калыстар коллегиясынын чечими менен салмактык категорияларды жылдырууга жана бириктирүүгө жол берилет. Мелдеш эки жолку жеңилүүдөн кийин оюндан чыгуу тутуму боюнча өткөрүлөт. Мелдеш Дүйнөлүк армрестлинг боюнча федерациясынын эл аралык эрежелери боюнча өтөт.
§ 3. Бильярд
Команданын курамы - 4 адам (3 эркек жана 1 өкүл).
Мелдеш эркектер арасында өткөрүлөт.
Мелдеш Пирамида боюнча эл аралык комитет тарабынан бекитилген, колдонуудагы "комбинацияланган пирамида" (Москва) эрежелери боюнча өткөрүлөт.
Командалык беттешүүлөр айлампа тутуму боюнча өтөт, командада - 3 адам.
§ 4. Волейбол
Мелдештерге катышуу үчүн курама команданын курамы - 13 адам (12 спортчу жана 1 өкүл).
Мелдеш эркектер жана аялдар командаларынын арасында өткөрүлөт.
Волейбол боюнча командалар топчолорго бөлүнөт, оюндар айлампа тутумунда өткөрүлөт. Оюндар ар бир топчодо үч партиядан өткөрүлөт, жарым финалга чыгууга (эки командадан) жана бириккен оюндар.
Оюндар Волейбол эл аралык федерациясы тарабынан бекитилген, колдонуудагы эрежелер боюнча өткөрүлөт.
Орундар команда алган упайлардын эң көп суммасы боюнча аныкталат (мелдештерди өткөрүү тутумун эске алуу менен).
Команда бирдей форма кийүүгө милдеттүү. Бирдей форма жок болгон учурда, команда эскертүүсүз катышуудан чыгарылат. Спартакиаданын волейбол боюнча программасына катышуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын командаларын бирдей форма менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жүктөлөт.
§ 5. Гиря спорту
Команданын курамы - 5 адам (4 катышуучу жана 1 өкүл). Ар бир салмактык категорияга 1 (бирден) катышуучу катышат.
Мелдештер 70, 80, 90 жана 90дон жогору кг салмак категорияларында өткөрүлөт. Гирянын салмагы - 24 кг. Көнүгүүлөрдү аткарууга - 5 мүнөт. Таразага тартуу мелдештер башталганга чейин 1 саат мурун.
"Секирик" көнүгүүсү бир кол, андан кийин экинчи кол менен бир ыкмада аткарылат.
Жеңүүчү ар бир салмактык категорияда сол жана оң колдор менен көтөрүүнүн эң чоң суммасы боюнча аныкталат.
Упайлар (көтөрүүлөр) тең болгон учурда, өзүнүн эң аз салмагы боюнча жеңүүчү аныкталат.
§ 6. Дартс
Жеке мелдештер, аялдар жана эркектер арасында өзүнчө өткөрүлөт.
Команданын курамы - 5 адам (2 эркек, 2 аял жана 1 өкүл).
Оюндун форматы: Олимпиада тутуму боюнча "501" 1 сет х 3 лега.
Мелдештердин эрежелерине ылайык "Чоң раунд" көнүгүүсү боюнча рейтингдик мелдештер алдын ала өткөрүлөт, анын жыйынтыгы менен топтолгон упайлардын эң көп саны боюнча "501" оюнуна катышууга 16 спортчуга (аялдар жана эркектер өзүнчө) жол берилет.
§ 7. Кичи-футбол
Командалардын курамы - 12 адам жана 1 өкүл.
Мелдештер ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) колдонуудагы эрежелери жана регламенти боюнча өткөрүлөт.
Командалар топтор боюнча бөлүштүрүлөт, мелдештер айлампа тутумунда өткөрүлөт. Утуш үчүн команда - 3 упай алат, тең чыгуу - 1 упай, утулуу - 0 упай.
Эки жана андан көп командалардын упайлары тең чыкканда жеңиши көп командага артыкчылык берилет, бул көрсөткүч упайлардын саны жана өз ара оюндардагы топтордун катышы боюнча тең чыкканда - бул этаптагы бардык беттешүүлөрдөгү киргизилген жана өткөрүлүп жиберилген топтордун мыкты катышы боюнча саналат.
Бир беттешүүгө убакытты башкы калыстар коллегиясы аныктайт.
§ 8. Жеңил атлетика
Команданын курамы - 13 адам (6 эркек, 6 аял жана 1 өкүл).
Мелдеш эки курактык топто өткөрүлөт: 35 жашка чейин жана 35 жаштан жогору.
Жеке мелдештер:
эркектер арасында: 1000 метрге, 100 метрге жана 200 метрге чуркоо;
аялдар арасында: 500 метрге, 100 метрге жана 200 метрге чуркоо.
Ар бир түргө карата ар бир уюмдан - 1 адамдан.
Ар бир мамлекеттик орган өздүк төшкө тагылуучу номерге ээ болушу керек.
§ 9. Стол үстүндөгү теннис
Команданын курамы: 5 адам (2 эркек, 2 аял жана 1 өкүл).
Жеке-командалык мелдештер эркектер жана аялдар арасында өзүнчө өткөрүлөт. Командалар ортосундагы матч эки беттешүү менен өткөрүлөт: эркектер (жалгыз - жуп) жана аялдар (жалгыз - жуп).
Ар бир жолугушуу 5 партиядан 3 жеңишке чейин турат. Жеңиш үчүн 2 упай эсептелет, жеңилүү - 1 упай жана келбегендиги үчүн - 0 упай.
Эки команданын упайлары тең болуп калган учурда алардын ортосундагы беттешүүдө уткан команда артыкчылык алат.
Үч жана андан көп командалардын упайлары тең чыкканда артыкчылык төмөнкү ырааттуулук менен аныкталат:
- алардын ортосундагы беттешүүлөрдө уткан жана утулган партиялардын мыкты айырмасы боюнча.
Башкы калыстар коллегиясы колдонуудагы эрежелердин чегинде мелдештерди өткөрүүнүн шарттарына түзөтүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
§ 10. Ок атуу
Ок атуу боюнча аялдар жана эркектер арасындагы жекече-командалык мелдештер.
Команданын курамы - 7 адам (3 аял, 3 эркек жана 1 өкүл).
I топ
Эркектер үчүн:
МВ-2 көнүгүүсү, 50 метр аралыкта жатып атуу, 5 сынак атуу жана 10 эсептик атуу (мылтык курун пайдаланууга уруксат берилет);
Аялдар үчүн:
МВ-2 көнүгүүсү, 50 метр аралыкта жатып, таяныч менен атуу, 5 сынак атуу жана 10 эсептик атуу;
II топ
Эркектер жана аялдар:
МВ-2 көнүгүүсү, 50 метр аралыкта жатып, таяныч менен атуу, 5 сынак атуу жана 10 эсептик атуу.
Көнүгүү Эл аралык ок атуу спорт федерациясынын (ISSF) эрежелерине ылайык аткарылат.
Жеңүүчү аялдар жана эркектер арасында топтолгон упайлардын эң көп саны боюнча аныкталат. Командалык орун аялдар жана эркектер арасында топтолгон упайлардын эң көп саны боюнча аныкталат.
Жалпы командалык орун аялдар жана эркектер арасында топтолгон упайлардын эң көп саны боюнча аныкталат.
§ 11. Тогуз коргоол
Команданын курамы: 9 адам (4 аял, 4 эркек жана 1 өкүл.)
Оюн тогуз коргоол эрежелерине ылайык өткөрүлөт.
Мелдештер жекече-командалык эсепте өткөрүлөт. Швейцария системасы боюнча жекече эсепте 7 тур, Олимпиадалык тутум боюнча командалык эсепте - 2) тур. Убакыт контролу ар бир оюнчуга 1 саат. Утуш - 1 упай, тең чыгуу - 0,5 упай, утулуу - 0 упай.
Упайлар жекече эсепте бирдей болгон учурда, жеңүүчү төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча аныкталат:
- топтолгон упайлардын саны боюнча;
- Бухгольтц коэффициенти боюнча;
- жекече беттешүү боюнча;
- прогресс коэффициенти боюнча.
§ 12. Шахмат
Турнир ФИДЕ (Эл аралык шахмат федерациясы) эрежелери боюнча өткөрүлөт, убакыт контролу - айлампа тутуму боюнча бардык "Тез шахмат" партиясына 25 мүнөт.
Упайлар тең чыккан учурда орундар төмөнкү кошумча көрсөткүчтөр боюнча аныкталат:
- жекече беттешүү;
- 1, 2, 3-такталардагы жеңиш.
Турда кайсы бир оюнчу 30 мүнөт жок болгон учурда, ал жеңилди деп эсептелет.
Атаандаштардын кимдир бирөөсүнүн желеги жыгылган учурда ал жеңилди деп эсептелет. Эки желек тең жыгылган учурда тең чыгуу катталат.
Оюндун негизги эрежелери: "кармаганыңды-жүр", рокировка падышадан башталат.
§ 13. Аркан тартуу
Команданын курамы - 8 адам, мамлекеттик органдын катышып жаткан командасынын мүчөлөрүнүн ичинен.
Аркан тартуу боюнча мелдештерде жаш курагын жана салмактык категориясын эске албастан, абсолюттук жеңүүчү аныкталат. 33,9 метрге чейинки узундуктагы, диаметри 10дон 12,5 см чейинки аркандын ортосуна кызыл тасма байланат, кызыл тасмадан 4 жана 5 метр аралыкта, оң жана сол жагындагы эки жери ак жана көк тасмалар менен байланат.
Аркан тартуу боюнча мелдеш өткөрүлгөн жерде жеңүүчүнү аныктоо үчүн контролдук сызык белгиленет. Калыстын белгиси боюнча бир убакта ар бир команда жеңүүчү аныкталганга чейин арканды тарта баштайт. Командалар ортосундагы беттешүү үч жолу өткөрүлөт. Командалардын бири эки жолу жеңген учурда, үчүнчүсү өткөрүлбөйт. Ар бир аракет кылуудан кийин командалар 2 мүнөттөн ашык эс алышпайт. Кийимдин формасы каалагандай. Команданын курамына мамлекеттик органдын катышып жаткан командасынын ар кайсы мүчөсү (анын ичинде аялдар) кирет.
5. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо тартиби
Спорттун түрлөрү боюнча 1, 2, 3-орундарды ээлеген катышуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тийиштүү даражадагы медалдары, дипломдору жана кубоктору менен сыйланышат. Спорттун бардык түрлөрү боюнча мелдештердин жыйынтыктары менен жалпы командалык 1, 2, 3-орундар аныкталат жана командалар тийиштүү даражадагы дипломдор жана кубоктор менен сыйланышат.
Спартакиаданын программасына кирген спорттун ар бир түрүндө төмөнкүлөр ойнотулат: спорттун жекече түрлөрүндө жекече-командалык биринчилик, спорттун командалык түрлөрүндө командалык биринчилик жана жалпы командалык мелдештер.
Жалпы командалык мелдештин жеңүүчүлөрү Спартакиаданын мелдештеринин бардык түрлөрүндө команда алган упайлардын эң аз суммасы боюнча аныкталат (I орун - 1 упай, II орун - 2 упай, III орун - 3 упай ж.б.).
Жалпы командалык мелдеште орундар тең болгон учурда жеңүүчү спорттун түрлөрү боюнча биринчи, экинчи, үчүнчү ж.б. орундардын эң көп саны боюнча аныкталат.
Кайсы бир мамлекеттик органдын командасы спорттун бир түрүнө катышпаган учурда, командага спорттун бул түрүндө + 5 айып упайы ыйгарылат.
Каршылык билдирилген учурда, команданын өкүлү оюндан кийин бир сааттын ичинде болгон фактыны кароо жөнүндө протоколго каршылыкты каттоого милдеттүү.
6. Каржылоо
Массалык мелдештердин биринчи этабы Спартакиадага катышкан Кыргыз Республикасынын ар бир мамлекеттик органынын финансы каражаттарынын эсебинен өткөрүлөт.
Спорттун түрлөрү боюнча финалдык мелдештердин экинчи этабына даярданууга жана өткөрүүгө (спорттук курулмалардын ижара акысы, калыстар коллегиясына, медперсоналдарга акы төлөө, канцелярдык чыгымдар, сыйлоо), ошондой эле Спартакиаданы ачууга жана жабууга байланыштуу чыгымдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин финансы каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Мелдештер өткөрүлүүчү жерге чейинки жол акыны төлөө менен байланышкан командалардын чыгымдары катышкан мамлекеттик органдардын эсебинен каржыланат.
7. Өтүнмөлөрдү берүү тартиби жана мөөнөттөрү
Жалпы өтүнмө жана спорттун түрлөрү боюнча өтүнмөлөр ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык формалар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине берилет.
Дарыгер, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчиси, кадрлар бөлүмүнүн башчысы тарабынан ырасталган акыркы өтүнмөлөр мандаттык комиссияга берилет.
Мандаттык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, спорттун түрлөрү боюнча калыстар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү кирет.
Спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышууга карата алдын ала өтүнмө белгиленген формада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 25-сентябрга чейин, Бишкек шаары, Тоголок-Молдо көч., 17, тел.: (0312) 32-53-02; факс.: (0312) 32-53-08 дареги боюнча берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
№ | Аты-жөнү | Кызматы | Туулган жылы | Спорттун түрү | Дарыгердин уруксаты |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик органдын
жетекчиси: _______________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Дарыгер: _______________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Мамлекеттик органдын
кадрлар бөлүмүнүн
начальниги: _______________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Команданын өкүлү: _______________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
№ | Аты-жөнү | Кызматы | Туулган жылы | Спорттун түрү | Дарыгердин уруксаты |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик органдын
жетекчиси: ____________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Дарыгер: ____________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Мамлекеттик органдын
кадрлар бөлүмүнүн
начальниги: ____________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Команданын өкүлү: ____________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
№ | Органдын аталышы |
Күч жана укук коргоо органдары | |
1 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
2 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
3 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
4 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
8 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат |
9 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
10 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
Күч түзүмдөрүнө жана укук коргоо органдарына кирбеген мамлекеттик органдар | |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
3 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты |
4 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
5 | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
6 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
7 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
8 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
9 | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
10 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
11 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
12 | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
13 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
14 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
15 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
16 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчал турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
17 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттиги |
18 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
19 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
20 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
21 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
22 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
23 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
24 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
25 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
26 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
27 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
28 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
29 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
30 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
31 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
32 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
33 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
34 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
35 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы |
36 | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия |