Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-августу № 381-б
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Корея Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы Өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Корея Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу),
Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын юстиция жаатында кызматташуусун тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү каалап,
Юстиция жаатындагы компетенттүү органдар ортосундагы кызматташуунун улуттук да, эл аралык да деңгээлдеги негизги маанисин түшүнүү менен,
Юриспруденциянын татаал мүнөзүн жана динамизмин, ошондой эле юридика чөйрөсүндө маалымат жана кесиптик тажрыйба алмашуу эки мамлекеттин жалпы кызыкчылыктарын көрсөтөөрүн эске алып,
Эл аралык милдеттенмелерди, ички мыйзамдарды жана Тараптардын компетенциясын эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Меморандум иштин төмөнкү түрлөрүнө колдонулат:
а) жалпы кызыкчылыкты көздөгөн юридикалык иштер боюнча маалыматтарды жана билдирүүлөрдү алмашуу;
б) ар бир Тараптын юридикалык системасы боюнча да, ошондой эле администрациялык башкаруу боюнча да маалымат алмашуу;
в) мыйзам долбоорлору боюнча маалымат алмашуу жана укуктук ченемдерди бекемдөө;
г) Тараптардын жана алардын компетенттүү органдарынын иштеринин түрлөрү боюнча тажрыйба алмашуу;
д) юстиция министрликтеринин системасындагы кызматкерлерди тийиштүү мекемелер аркылуу даярдоо жаатында кызматташуу;
е) соттук экспертиза жаатында кесиптик компетенцияларды жана маалыматтарды алмашуу;
ж) эки Тараптын кызыкчылыктарын көздөгөн башка укуктук маселелер боюнча кызматташуу.
2-берене.
Ар бир Тарап юридикалык системанын уюштурулушу боюнча маалыматтарды алууда ыңгайлуу абал түзүүгө өбөлгө түзүшөт жана жардам беришет жана экинчи тараптан юстиция жаатындагы эки жактын тең кызыкчылыктарын көздөгөн маселелер боюнча консультацияларды өткөрүшөт.
3-берене.
Кызматташууга байланышкан маселелерди, кызматташуу программаларын иштеп чыгуу жана ушундай программаларды жүзөгө ашыруу үчүн Тараптар жумушчу эксперттик топторду түзүшөт.
4-берене.
Тараптар эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосунда түздөн-түз байланыш каналдарын түзүш үчүн шарттарды түзүшөт.
5-берене.
Тараптар жалпы кызыкчылыктарды көздөгөн маселелер боюнча семинарларды жана конференцияларды уюштуруу менен демилге беришет.
6-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылыктарды көздөгөн маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн эксперттерди жиберишүүгө жардам беришет.
7-берене.
Эгерде өзгөчө учурларда башка бирдиктүү чечим кабыл алынбаса, ар бир Тарап ушул Меморандумга ылайык кызматташууга тиешелүү чыгымдарды өздөрүнө алышат.
8-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан ар кандай кайчы пикирлерди Тараптар өз ара сүйлөшүүлөр, консультациялар аркылуу чечишет.
9-берене.
Ушул Меморандум эки өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарынын жана жоболорунун алкагында ишке ашырылат жана Тараптардын тийиштүү фонддорунун жана штаттык персоналдардын болушу менен шартталат.
10-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын биринен белгиленген убакыттын аякташына алты ай калгандан кеч эмес жазуу жүзүндө экинчи Тарапка ушул Меморандумдун иш-аракетин токтотуу жөнүндөгү ниетин билдирген убакытка чейин күчүндө болот.
__________________ шаарында 2012-жылдын "___" ____________________ кыргыз, корей, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса, Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн | Корея Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн
|
А.Шыкмаматов Юстиция министри | Квон, Же-Жин Юстиция министри
|