Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-августу № 384-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 35-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринариялык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмесинде:
1-главада:
- "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жергиликтүү өндүрүүчүлөр" позициясы төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Азат-Фарм" ЖЧКсы";
- "Билим берүүчү медициналык мекемелер" позициясы төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз-Россия Славян университети";
3-глава төмөнкү мазмундагы кырк жетинчи жана кырк сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Alixir Cosmetic" ЖЧКсы";
Жеке ишкер Алексеенко Е.В.";
3-главанын акыркы абзацындагы "433" цифрасы "437" цифрасына алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |