РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 384-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 35-б буйругуна толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу

Редакция02.08.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 2-августу № 384-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 35-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринариялык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмесинде:

1-главада:

- "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жергиликтүү өндүрүүчүлөр" позициясы төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"Азат-Фарм" ЖЧКсы";

- "Билим берүүчү медициналык мекемелер" позициясы төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз-Россия Славян университети";

3-глава төмөнкү мазмундагы кырк жетинчи жана кырк сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"Alixir Cosmetic" ЖЧКсы";

Жеке ишкер Алексеенко Е.В.";

3-главанын акыркы абзацындагы "433" цифрасы "437" цифрасына алмаштырылсын.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов