Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 6-августу № 391-б
Кыргыз Республикасынын түштүк облустарынын биринде жалпы билим берүүчү мектеп куруу боюнча Казакстан Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаевдин демилгесин колдоо менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында мектеп куруу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Ж.Нарбаевге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-майындагы № 181-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |