Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 6-августундагы № 391-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 8-майы № 181-б
Кыргыз Республикасынын облустарынын биринде жалпы билим берүүчү мектеп куруу боюнча Казакстан Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаевдин демилгесин колдоо менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Казакстан Республикасынын Президенти Назарбаев Н.А. атындагы мектепти куруу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Ж.Нарбаевге ушул Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр | А.Карашев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнү, Тараптардын мамлекеттеринин элдеринин ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды бекемдөөнү каалап,
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын ченемдерин колдонуп,
билим берүүнү өнүктүрүүнү эки өлкөнүн маданий өз ара аракеттенүүлөрүнүн жана кызматташтыгынын маанилүү шарты деп эсептөө менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ишкаван айылында 900 орундуу мектепти казакстан Тараптын каражаттарынын эсебинен куруу боюнча чараларды көрүшөт.
2-берене.
Кыргыз Тарап мектепти куруу үчүн кандайдыр бир милдеттенмелерден бошотулган жер участогун берет.
Казакстан Тарап демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен мектептин курулушун каржылоону камсыз кылат.
3-берене.
Мектепти куруу максатында ташылып келинүүчү курулуш материалдары жана жабдуулары Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында белгиленген тартипте бажы төлөмдөрүнөн жана кошумча нарк салыгынан бошотулат.
4-берене.
Кыргыз Тарап Кыргыз Ресггубликасынын техникалык талаптарына жана стандартына ылайык иштелип чыккан долбоорлоо-сметалык документтерди казакстан Тарапка берет.
5-берене.
Кыргыз Тарап инженердик тармакка кошуу схемасын казакстан Тарапка берет.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун текстине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган протоколдор менен таризделет.
Ушул Макулдашуу боюнча бардык талаш-тартыштар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана өз ара консультациялар жолу аркылуу чечилет.
7-берене.
Ушул Макулдашуу алар катышуучусу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын ар биринин укуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт.
8-берене.
Ушул Макулдашуу ал күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири да кезектеги мөөнөт аяктаганга алты ай калганга чейин анын жарактуулугун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү башка Тарапка жибербесе, кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
______ шаарында 20_-жылдын "___" ____________ үч нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн