Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 18-октябрындагы № 504-б буйругуна
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 7-августу № 395-б
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 20-февралындагы № 241 буйругу менен түзүлгөн алкоголдуу ичимдиктерге жана тамеки буюмдарга акциздик маркаларды даярдоого тендердик комиссиянын чечиминин негизинде:
1. Колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка алкоголдуу ичимдиктерге жана тамеки буюмдарга акциздик маркаларды даярдоого жана жеткирүүгө тендердин жеңүүчүсү менен Келишимге кол коюуга төмөнкүлөргө ыйгарым укук берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдалиев Кабыл Кушбаковичке Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн алкоголдуу ичимдиктер жана тамеки буюмдар бөлүгүнө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Малабеков Замирбек Төлөбаевичке Кыргыз Республикасына алып келинген алкоголдуу ичимдиктер жана тамеки буюмдар бөлүгүнө.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |