Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-октябры № 504-б
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 20-февралындагы № 241 буйругу менен түзүлгөн тендердик комиссия тарабынан 2012-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка алкоголдуу ичимдиктерге жана тамеки буюмдарга акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-августундагы № 395-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |