Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-августу № 404-б
Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында 2012-жылдын 2 - 6-сентябрында болуучу жогорку деңгээлдеги форумга - ЭКСПО «Кытай - Евразия» 2-эл аралык көргөзмө-жарманкесине (мындан ары - көргөзмө- жарманке) Кыргыз Республикасынын катышуусун камсыздоо максатында:
1. Көргөзмө-жарманкеге катышууга даярдык көрүү боюнча жумушчу топтун курамы (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жумушчу топ 2012-жылдын 20-августуна чейин презентациялык программаны даярдасын жана Кыргыз Республикасынын көргөзмө павильондорун жасалгалоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат- министрлиги 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ЭКСПО «Кытай - Евразия» көргөзмө-жарманкесин өткөрүү үчүн каражат издеп тапсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көргөзмө-жарманкени уюштуруу жана өткөрүү үчүн өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
5. Министрликтер жана ведомстволор өз компетенциясынын чегинде аталган иш-чараларга даярдык көрүүдө жана уюштурууда жумушчу топко, ошондой эле катышуучу ишканалардын жана уюмдардын тийиштүү документтерин жана көргөзмөгө коюлуучу товарларын жана экспонаттарын тез арада тариздөөгө жана тоскоолсуз өтүүгө (киргизүүгө же чыгарууга) ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында 2012-жылдын 2 - 6-сентябрында болуучу
ЭКСПО «Кытай - Евразия» 2-эл аралык көргөзмө-жарманкеге катышууга даярдык көрүү боюнча жумушчу топтун Курамы
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга карты саясат министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга карты саясат министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.