Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-августу № 408-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу алдын ала маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору мүмкүн болгон принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жактырылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети (мындан ары Тараптар)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2000-жылдын 27-сентябрындагы Бажы иштериндеги кызматташтык жөнүндө макулдашууну жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда соодага ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик чек арасы (мындан ары - чек ара) аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына бажы контролун жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын таанып,
бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын ташып келүү жеринде жана Тараптардын мамлекеттеринин аймагындагы бажы органдарында аларды бажылык тариздөөнү тездетүү максатында, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар эгер товарлар жана транспорт каражаттары жеткирилүүчү пункт же транзиттин маршруту экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашса, алар жеткириле турган же транзит Тараптын мамлекетинин чек арасынан өткөнгө чейин биринчи Тараптын аймагынан ташылып чыккан товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөөдө алынган маалыматтарды (мындан ары - алдын ала маалымат) жана экинчи тарап товарларды жана транспорт каражаттарын ошол Тараптын мамлекетинин аймагына ташып кирүүдө алынган билдирүүлөрдү (мындан ары - ташып келүү тууралуу маалымат) дайыма жиберишип турууну уюштурат жана ишке ашырат.
Алдын ала маалымат жана товарларды жана транспорт каражаттарын ташып келүү тууралуу билдирүүлөр Тараптар тарабынан биргелешип макулдашылган Маалыматтык өз ара аракеттешүүнүн техникалык шарттарында белгиленген электрондук документтер түрүндө берилет.
Тараптар ортосунда маалымат алмашуу алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
Муну менен ар бир Тарап өзүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык иштейт.
2-берене.
Тараптар алдын ала маалыматты жана товарларды жана транспорт каражаттарын ташып келүү тууралуу билдирүүлөрдү пайдаланууну аларды чек ара аркылуу өткөрүүдө бажы контролун жүргүзүүдө талдоо жана тобокелдикти башкаруу методдорун колдонуунун негизинде камсыз кылат.
3-берене.
Ушул протоколго ылайык биринчи Тараптан экинчи Тарап алган алдын ала маалымат жана товарларды жана транспорт каражаттарын ташып келүү тууралуу билдирүү кызматтык мүнөзгө ээ жана аларды берген Тараптын кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт.
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Тараптар ушул Протоколдун алкагында алынган маалыматтардын конфиденциалдуулугун камсыз кылат.
4-берене.
Тараптардын ар бири макулдашылган Маалыматтык өз ара аракеттешүүнүн техникалык шарттарынын негизинде товарлар жана транспорт каражаттары чыгарылгандан кийин аларды ташып кирүү тууралуу билдирүүнү берет.
5-берене.
Тараптар алдын ала маалыматты жана чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын ташып кирүү тууралуу билдирүүлөрдү жиберишүүнүн жыйынтыгында алынган так эмес билдирүүлөр аныкталган учурларда бири-бирин маалымдайт.
6-берене.
Тараптар төмөнкүлөргө жооптуу Тараптардын бажы органдарынын борбордук аппаратынын кызмат адамдарынын жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн тизмелери тууралуу бири-бирине маалымдайт:
маалыматтык өз ара аракеттешүүнүн техникалык шарттарын жана маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү технологиясын, маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды иштеп чыгууга жана макулдашууга;
алдын ала маалыматты жана чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын ташып кирүү тууралуу билдирүүлөрдү жиберишүүдө маалыматтардын курамын аныктоого, ошондой эле зарыл болгон классификаторлорду иштеп чыгууга жана макулдашууга;
алдын ала маалыматтарды жана ташып кирүү тууралуу билдирүүлөрдү товарлардын конкреттүү партиясына жана (же) конкреттүү транспорт каражаттарына байланыштыруу максатында товарларды жана транспорт каражаттарын идентификациялоо ыкмаларын макулдашууга;
ушул Протоколдун жоболорун ишке ашырууга байланышкан маселелерди жөнгө салууга.
7-берене.
Ушул Протоколду ишке ашыруу максатында алдын ала маалыматты жана чек ара аркылуу өтүп жаткан товарларды жана транспорт каражаттарын ташып кирүү тууралуу билдирүүлөрдү жиберишүү технологиясын иштеп чыгуу үчүн Тараптар алдын ала маалымдоо боюнча тажрыйба жүргүзүүнү уюштурат жана өткөрөт.
Тараптар негизги технологиялык принциптерди, маалыматтарды берүү үчүн арналган тизмени жана курамды, алдын ала маалыматтарды жана ташып кирүү тууралуу билдирүүлөрдү берүү тартибин, маалыматтардын түзүмүн жана форматын, алдын ала маалыматтарды жана ташып кирүү тууралуу билдирүүлөрдү коргоо боюнча талаптарды, алдын ала маалыматтарды жана ташып кирүү тууралуу билдирүүлөрдү конкреттүү товарлар жана транспорт каражаттары менен идентификациялоо тартибин, тажрыйбага катышкан Тараптардын мамлекеттеринин бажы органдарынын тизмесин, ошондой эле тажрыйбаны баштоо убактысын жана зарыл иш чараларды аткаруу мөөнөтүн макулдашат.
Ушул беренеде көрсөтүлгөн маселелер макулдашылгандан кийин Тараптар зарыл болгон уюштуруучулук жана техникалык иш чараларды өткөрөт жана тажрыйбанын башталышына даяр экендиги тууралуу бири-бирине кат жүзүндө билдирет.
Алдын ала маалыматты жана чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын ташып кирүү тууралуу билдирүүлөрдү жиберишүү боюнча тажрыйба алты айга чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт. Тараптардын өз ара кат жүзүндө макулдашуусу боюнча тажрыйбанын мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
8-берене.
Өткөрүлгөн тажрыйбанын жыйынтыгы боюнча Тараптар алдын ала маалыматты жана чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын ташып кирүү тууралуу билдирүүлөрдү жиберишүүнү дайыма уюштуруу тууралуу чечим кабыл алат.
9-берене.
Ушул Протоколду ишке ашыруу максатында Тараптар консультацияларды жүргүзөт жана бири-бирине кайтарымсыз алдын ала маалыматты жана чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын ташып кирүү тууралуу билдирүүлөрдү жиберишүү үчүн зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдарды жана долбоордук документтердеги маалыматтарды берет.
10-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Протоколго анын ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү, ушул Протоколдун 12-беренесинде каралган тартипте күчүнө кире турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
11-берене.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө жана аткарууда келип чыккан Тараптардын ортосундагы талаштар консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөө максатында орус тилиндеги текст колдонулат.
12-берене.
Ушул Протокол ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылдын аралыгында күчүндө болот. Бул мөөнөт аяктагандан кийин ал кийинки мөөнөттөргө автоматтык түрдө узартылат. Тараптардын ар бири анын колдонуунун кезектеги мөөнөтү аяктарына алты ай калганга чейин ушул Протоколдун колдонуусун токтотуу тууралуу кат жүзүндө кабарлоону экинчи Тарапка жиберүү менен анын колдонуусун токтотууга укуктуу.
___-жылдын "___" ________________ шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн _______________________________________ | Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети үчүн _______________________________ |