Редакцияот 16.08.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 16-августу № 409-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматын жоюу жөнүндө" токтому менен түзүлгөн Жоюу комиссиясы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын пенсиялык иштерин, ошондой эле пенсиялык маселелер боюнча документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (финансы полициясына) өткөрүп берсин.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов