Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-марты № 175
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматын жоюу боюнча комиссия (мындан ары - Жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Жоюу комиссиясы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин бошотуу жана жумуштан кетүү жөлөк пулдарын, ошондой эле башка эсептелген төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөө жөнүндөгү маселелерди чечсин;
- кредиторлор менен эсептешүүлөрдү жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын дебитордук карыздарын өндүрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын мүлкүн эсепке алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматын жоюу балансын даярдасын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын бошотулган кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын өндүрүшүндө турган кылмыш иштерин жана материалдарды тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү жөнүндө маселелерди белгиленген тартипте чечсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
Төрөбаев А.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Ким Б.Л. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын штабынын юридикалык бөлүмүнүн начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Келдибеков Э.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын финансы-чарба бөлүмүнүн начальниги;
|
Шаршеналиев Н.Р. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын контролдук-методикалык бөлүмүнүн начальниги;
|
Стамалиев Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук тартипти, коргоону жана МОБду каржылоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Асанов К.О. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкармалык начальнигинин орун басары;
|
Казматов К.К. | - Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза кызматынын жетектөөчү адиси;
|
Кожоев Б.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын уюштуруу, кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Карагул уулу Жакып | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Мурзаев Ж.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Мүлктүк мамилелер департаментинин юридикалык секторунун башчысы. |