Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 22-августу № 423-б
Түрк тилдүү мамлекеттер башчыларынын саммитинин алкагында:
1. Түрк маданиятын жана түрк мурасын коргоону колдоо фондунун Уставынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Уставдын долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
Түрк маданияты жана мурасы фондусунун
уставы
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Туркия Республикасынын Өкмөттөрү, тарыхын, маданиятын жана бул элдердин каада-салттарынын жалпылыгын жетекчиликке алып,
Түрк тилдүү элдердин маданий мурастарын өнүктүрүүгө жана сактоого байланышкан ишти жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн эске алып,
Түрк тилдүү элдердин ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды бекемдөөнүн, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп,
2009-жылдын 3-октябрында Азербайжан Республикасынын Нахчывань шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын IX Саммитинде бекитилген Түрк маданияты жана мурасы фондусун түзүү жөнүндө чечимин жана 16-сентябрда Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын X Саммитинде көрсөтүлгөн колдоону эске алып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Түрк маданияты жана мурасы фондусу
Тараптар Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Түрк маданияты жана мурасы фондусун (мындан ары «Фонд» деп аталат) - эл аралык уюмун түзүшөт.
2-берене. Фонддун максаты
Фонддун максаты болуп түрк маданиятын жана мурасын сактоо, изилдөө жана алга жылдыруу эсептелет.
3-берене. Фонддун милдеттери
Жогоруда жазылган максатка жетүү үчүн, Фонд:
- Түрк маданиятын жана мурасын коргоо, сактап калуу, кайра калыбына келтирүү жана алга жылдыруу үчүн акча каражатын бөлүп турат;
- Түрк маданиятын жана мурасын сактоо, кайра калыбына келтирүү жана алга жылдырууга байланышкан илимий жана техникалык маселелерди чечүүгө жардам көрсөтөт;
- Түрк маданиятын жана мурасын сактоо, кайра калыбына келтирүү жана алга жылдыруу тармагындагы адистерди даярдоого колдоо көрсөтөт;
- семинарларды, жумушчу жолугушууларды, конференцияларды, конгресстерди жана илимий-өндүрүштүк практикаларды, ошондой эле көргөзмөлөрдү уюштурууга жардамын көрсөтөт;
- электрондук жана басма илимий мезгилдик басылмаларды жана илимий публикацияларды даярдоого жардам көрсөтөт;
- сынактарга, фестивалдарга, турнирлерге ж.б. демөөрчүлүк кылат;
- Түрк тилдүү эл жашаган аймактарда салттуу уз-чеберчилик жана прикладдык уз-чеберчиликти кайра калыбына келтирүүгө, колдоого жана өнүктүрүүгө жардам көрсөтөт;
- уз-чеберлердин, артисттердин жана маданияттын башка кызматкерлеринин интеллектуалдуу менчик укугун коргоого жардам көрсөтүүнү камсыз кылат.
4-берене. Фонддун түзүмү
1. Фонддун Кеңеши
Кеңеш ар бир Тараптын бирден өкүлүнөн түзүлгөн административдик орган болуп эсептелет. Ал Фонддун ишмердигин жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын Уставдын максатына ылайык контролго алат.
2. Президент
Президент Фонддун Башчысы болуп эсептелет. Катчылык анын милдетин ишке ашырууга жардам көрсөтөт.
Фонддун Президенти Түрк Кеңешинин Мамлекет Башчыларынын Кеңеши (мындан ары - «МБК») тарабынан Тараптардын жарандарынын санына карап, Фонддун Кеңешинин сунушунан кийин ротациялык негизде Тараптардын англис алфавиттик тартибиндеги расмий аталышына ылайык 4 жылдык мөөнөткө дайындалат.
Биринчи Президент Азербайжан Республикасынын жарандарынан дайындалат.
Катчылык Тараптардын жарандарынан түзүлөт.
Фонд Азербайжан Республикасындагы Баку шаарында жайгашат.
Фонддун Президенти Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен келген мамлекет жөнүндө макулдашуу түзүүгө тийиш.
Катчылык ар бир Тараптын аймагында алардын максатын жана милдетин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон укук жөндөмдүүлүгүн пайдаланат.
5-берене. Жол-жобо эрежеси
Фонддун Кеңеши, Фонддун жол-жобо эрежесин Тараптардын макулдашуусунан кийин кабыл алат.
6-берене. Каржылоо
Бюджет Фонддун Президенти тарабынан Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлигинин кеңешинин (Мындан ары - «ТИМК») жактыруусу үчүн даярдалат.
Тараптардын милдеттүү түрдөгү төлөмү, алардын төлөмдүк жөндөмүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун төлөмдөрүнүн наркына басымдуу болгон шкаласын жана салыштырыла турган аймактык уюмдарга учурдагы төлөмдөрүн эске алуу менен аныкталат;
Келерки каржылык жылга карата чыгашалардын сметасынын долбоору даярдалып, Фонддун бардык Тараптарына ошол жылдын биринчи жарымында ТИМКтин жактоосуна жөнөтүлөт. Фондго ыктыярдуу чегерүүлөргө чектөө коюлбайт.
7-берене. Жумушчу тилдер
Фонддун жумушчу тили болуп Тараптардын мамлекеттик/расмий тилдери, ошондой эле англис тили эсептелет.
8-берене. Аткарылган иштер боюнча отчёт
Фонд аткарылган иши жөнүндө отчёт даярдап, аны МБКга берет.
9-берене. Пикир келишпестиктерди жөнгө салуу
Ушул Уставды түшүндүрүүгө же колдонууга тиешелүү пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар аларды консультация жана сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салат.
10-берене. Оңдоолор жана толуктоолор
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Уставдын ажыратылгыс бир бөлүгү болуп эсептелген жана ушул Уставдын 12-беренесинде каралган жол-жобо ылайык күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор түрүндө киргизилет.
11-берене. Колдонуу, күчүнө кирүү жана кошулуу
Бул Устав аныкталбаган мезгилге түзүлгөн, күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү үчүнчү билдирүүнү депозитарий алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
Бул Устав күчүнө киргенден кийин түрк тилдүү мамлекеттердин кошулуусу үчүн ачык болот.
Ушул Устав кошулуу жөнүндө документти депозитарий алгандан кийин отузунчу күнү кошулуучу мамлекеттер үчүн күчүнө кирет.
12-берене. Депозитарий
Ушул Уставдын депозитарийи катары Азербайжан Республикасы эсептелет.
___________шаарында 201_ жылдын «___» - ___бир түп нускада азербайжан, казак, кыргыз, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Уставды түшүндүрүү учурунда келишпестиктер жаралса, анын англис тилиндеги тексти артыкчылык күчкө ээ болот.
Ушул Уставдын түп нускасы ар бир кол койгон Тарапка күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү жөнөтүүчү туруучу депозитарийде сакталат.
Азербайжан Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Түркия Республикасынын
Өкмөтү үчүн