Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 22-августу № 424-б
1. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрүү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча
макулдашуу
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү,
эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерин жана нормаларын жетекчиликке алып,
2009-жылдын 3-октябрында Түрк Кеңешин түзүү жөнүндө Нахчыван макулдашуусунун 11-беренесинин жоболорун ишке ашырууга умтулуп,
түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгына тиешелүү Түркия Республикасы менен Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгы ортосунда келген өлкө жөнүндө 2011-жылдын 27-декабрында кол коюлган макулдашуусун урматтоо менен,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
«Катчылык» - Түрк кеңешинин Катчылыгын түшүндүрөт;
«Бюджет» - Катчылыктын милдеттерин жана функцияларын каржылоо үчүн арналган каражаттарды түзүүнү жана пайдаланууну түшүндүрөт;
«Финансылык жыл» - 1-январдан 31-декабрга чейинки бир календардык жылды түшүндүрөт;
«Төлөм» - бул каржылык жылы Катчылыктын ишмердигине байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн Тараптарга каралган суммаларды түшүндүрөт;
«ТИМК» - Түрк кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешин билдирет;
«ТКАК» - Түрк кеңешинин аксакалдар кеңешин билдирет;
«ТКУКАК» - Түрк Кеңешинин улук кызматтык адамдарынын комитетин билдирет;
«Келген өлкө» - аймагында Катчылыктын штаб-квартирасы жайгашкан катышуучу-өлкөнү билдирет;
«Тышкы аудит» - ТИМК тарабынан дайындалган аудитор/аудиторлор аркылуу ишке ашуучу Катчылыктын каржылык жана экономикалык ишмердигин текшерүүнү билдирет;
«Кирешелер» - Катчылык тарабынан алынган бюджетке төлөм түрүндөгү каражатты билдирет;
«Башка кирешелер» - төлөмдөрдү кошпогондо, акчалай салымдарды, ошондой эле ошол каржылык жылда түздөн-түз чыгымдардын ордун толтуруунун жыйынтыгында алынган суммалардын бардык кирешелерин билдирет;
«Чыгашалар» - өз милдеттерин жана функцияларын каржылоо үчүн бюджеттен Катчылык тарабынан пайдаланылган каражатты билдирет;
«Жүгүртмө капиталынын резерви» - милдеттүү түрдөгү акылардын толук төлөмүн күткөн Катчылыктын чыгашалары үчүн бюджеттин бир бөлүгүн билдирет.
2-берене. Жалпы жоболор
Түрк кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежеси Катчылыктын бюджетин каржылоонун булактарын, аткаруу жана түзүү тартибин, анын ичинде Түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдар кеңешине тиешелүү чыгашаларды аныктайт, ошондой эле алардын ишмердигиндеги негизги каржылык аспектилерди жөнгө салат.
3-берене. Бюджет
1. Катчылыктын бюджети, ТТМККнин чыгашаларын кошуу менен, каржылык жылдын бардык кирешесин жана чыгашасын акчалай жана/же башка формада жабат.
2. Катчылыктын бюджети ТИМК тарабынан ТКУКАКтен жактырылгандан кийин бекитилет.
3. Келип түшүү төмөндөгүлөрдөн турат:
а) ТИМК тарабынан аныкталган Катышуучу-мамлекеттердин милдеттүү түрдөгү төлөмү, мында алардын төлөмдүк жөндөмүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун төлөмдөрүнүн наркынын басымдуулук шкаласын жана салыштырылуучу турган аймактык уюмдардагы алардын учурдагы төлөмдөрүн эске алуу менен аныкталат;
б) Катчылыктын бюджетине Тараптардын ыктыярдуу түрдө чегерүүсүнөн алардын өлчөмдөрү чектелбейт;
в) акчалай жана/же башка формадагы ыктыярдуу төлөмдөр Түрк кеңешинин байкоочу-өлкөлөрүнөн, башка мамлекеттерден, Түрк кеңешинин байкоочу-уюмдарынан, башка эл аралык уюм жана форумдардан, Тараптар аркылуу жактырууга тиешелүү юридикалык жана жеке жактардан кабыл алынышы мүмкүн;
г) Катчылыктын максатына жана милдетине каршы келбеген шарттагы башка түшүүлөр.
4. Чыгымдар төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:
а) Башкы катчынын эмгек акысын төлөө, буга:
i. медициналык камсыздоо; ii. үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөк пул, iii. балдардын жөлөк пулу; iv. билим берүү жеңилдиктер; v. жашоо үчүн чыгымдарды; vi. ротационалдык чыгымдарды; vii. өргүүдө үйгө келүү (жылына бир жолу); viii. өкүлдүк чыгымдар; ix. социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөр кирет.
б) Башкы катчынын орун басарынын эмгек акысын төлөө буга:
i. медициналык камсыздоо; ii. үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөк пул; iii. балдардын жөлөк пулу; iv. билимдик жеңилдиктер; v. ротационалдуу чыгымдар; vi. өргүүдө үйгө келүү (жылына бир жолу); vii. өкүлдүк чыгымдарды; viii. социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөрдү кошот.
в) Катчылыктын персоналынын эмгек акысына:
i. медициналык камсыздоону; ii. үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөк пулду; iii. балдардын жөлөк пулун; iv. билимдик жеңилдиктерди; v. ротационалдуу чыгымдар; vi. өргүүдө үйгө келүү (жылына бир жолу); vii. социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөр; viii. тил боюнча жөлөк пул (G категориясындагы персонал үчүн) кирет.
г) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөлөрү үчүн суткалык төлөмдү кошкондо, иш сапарлар үчүн каражат.
д) Кызматтык мөөнөтү аяктаган кызматкерлердин кызматтык ишмердигинин токтотулушу.
е) Персоналдын кызматтык контрагы токтотулган учурда бошооту жөлөк пулду.
ж) Башкы катчыга, башкы катчынын орун басарларына жана Катчылыктын кызматкерлерине суткалык, унаалык чыгымдарды жана мейманкалык жайгаштырууну кошкондо, иш сапарларга болгон чыгымдар.
з) Катчылык үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу.
и) Катчылыктын иши үчүн зарыл болгон кеңселик эмеректерди жана жабдууларды, транспортту жана башка каражаттарды сатып алуу.
к) Катчылыктын күнүмдүк ишине кеткен чыгымдарды кошкондо, башка чыгымдар:
- техникалык тейлөө жана имараттарды оңдоо;
- персоналды окутуу (тил курстары ж.б.);
- талапкердин чыгымдары;
- долбоордук чыгымдар;
- протоколдук чыгымдар;
- консалтинг.
5. Каржылык жылга карата кызматкерлердин айлык маянасына жана рангына ылайык чыгымдарды көрсөтүүчү Катчылыктын кызматкерлеринин матрицасы Катчылык тарабынан даярдалып, ТКУКАКнын жактыруусунан кийин ТИМК тарабынан бекитилет.
4-берене. Бюджетти башкаруу
1. Бюджетти Катчылык башкарат.
2. Ар бир Тараптын милдеттүү түрдөгү так суммасы бюджетте көрсөтүлүшү керек.
3. Ар жылдык төлөмдөр бюджетке эсептелип, АКШ доллары менен төлөнөт.
4. Катчылык ТИМКны анын сессиясы учурунда бюджетке белгиленген төлөм толугу менен берилгендиги боюнча маалымат берет.
5. Тийиштүү төлөмдөр каржылык жылдын биринчи үч айы ичинде артыкчылыктуу төлөнөт. Бирок эгер аны аткаруу улуттук мыйзамдарга байланыштуу мүмкүн эмес болгон учурда, төлөмдөр төрт интервалда төлөнүшү жана ар бир үч айдын башында жүргүзүлүшү мүмкүн.
5-берене. Чыгашалардын сметасы
1. Катчылыктын бюджети чыгаша сметасы - каржылык жылды камтыган документке ылайык аткарылат.
2. Катчылык бюджеттин долбоорун даярдайт, жана жаңы финансы жылына чейинки жылдын биринчи жарымында Тараптардын карап чыгуусу үчүн, ар бир пункт боюнча негиздемеси жана эсептөөлөрү менен таркатат.
3. Жергиликтүү валютадагы чыгашалар үчүн бюджетти эсептөө үчүн алмашуу курсу турган өлкөнүн Борбордук банкынын көрсөтмөсү боюнча өткөн жылдын орточо курсуна негизделет.
4. Бекитилген бюджеттин алкагында каражаттардын чыгымдардын сметасынын бир беренесинен экинчисине кайра бөлүштүрүлүүсү Тараптарга алдын ала маалымдоо менен Катчылык тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Максаттык арналышы боюнча каржылык жылдын акырына чейин пайдаланылбай калган Катчылыктын бюджетинин каражаттарынын калдыктары, келерки каржылык мезгилдин бюджетинин киреше бөлүмүнө кошулат. Ар бир катышуучу мамлекеттин төлөмү тиешелүү түрдө эсептелүүгө тийиш жана Тараптарга алардын төлөмдөрүнүн суммасына карата билдирилүүгө тийиш.
6. Бирок 1-январга карата абал боюнча калып калган бюджет, өткөн жылда жабдууну жана узак убакытка пайдалануучу буюмдарды сатып алууда толук эмес түрдө пайдаланылгандыгына байланыштуу, күтүп жаткан тапшырыктардын төлөө үчүн пайдаланылышы керек.
6-берене. Акча каражаттарын жайгаштыруу
1. Башкы катчы Катчылыктын акча каражаттары сакталган банктык эсеп/эсептерди көрсөтөт.
2. Катчылыктын эсептери АКШ доллары жана турган мамлекеттин улуттук валютасында жүргүзүлөт. Өткөн мезгилге карата чыгымдардын валюталык курсунун бухгалтердик эсеби турган мамлекеттин Борбордук банкынын үч орточо айлык курстарына негизделет.
7-берене. Отчеттуулук
1. Башкы катчы Катчылыктын каржылык каражаттарын башкарууга контрол жүргүзүп, ТКУКАК аркылуу ТИМК алдында отчёт берет.
2. Башкы катчы ТКУКАК аркылуу ТИМКга мурунку каржылык мезгилден кийинки жылдын 31-мартынан кеч эмес убакытта ар бир каржылык мезгилге жылдык отчёт/баяндама берет.
3. Каржылык мезгил үчүн отчёт АКШ долларын жана кабыл алуучу өлкөнүн улуттук валютасын түзөт. Өткөн жылдагы чыгымдар үчүн отчеттун алмаштыруу курсу турган өлкөнүн Борбордук банкынын үч айлык орточо курсу менен аныкталат.
4. Ар бир каржылык жылдын жыйынтыгы боюнча оң тараптуу сальдо же дефицит, чыгашалардан кирешелердин жогорулоосун же кирешеден чыгашалардын жогорулоосун эсептөө аркылуу аныкталышы мүмкүн. Катчылыктын бюджеттик каражаттары дефицит болгон учурда Башкы катчы бул маселени ТКУКАК аркылуу ТИМКе билдирип, зарыл болгон чараларды кабыл алуу тууралуу сунуштарын киргизет.
8-берене. Аудит
1. Катчылыктын каржылык ишмердигинин тышкы аудити ТКУКАКтын жактыруусу аркылуу ТИМК тарабынан ыйгарым укук берилген орган тарабынан жылына келишимде бир жолу кем эмес өткөрүлүшү керек. Башкы катчы тышкы аудитти жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди ыйгарым укуктуу органга берет.
2. Тышкы аудит өткөрүлгөндөн кийин Тараптарга Башкы катчылык тарабынан жайылтыла турган аудитордук отчёт даярдалат.
9-берене. Жүгүртмө капиталынын резерви
1. Жүгүртмө капиталынын резерви бюджеттин бир бөлүгү болуп эсептелип, милдеттүү түрдөгү ар жылдык төлөмдү алууга чейин бюджеттик ассигнованиелерди каржылоо үчүн гана пайдаланышы керек.
2. Жүгүртмө каражаттарынын резервинин суммасы жылдык бюджеттен 3/12ден кем эмес өлчөмдө түзүлөт. Кечиктирилген ар жылдык милдеттүү төлөм алынгандан кийин аванстык сумма жүгүртмө каражаттарынын резервине кайра кайтарылып берилет.
Катчылыктын жайы жана Катчылыктын уюштурулушуна тийиштүү чыгымдар Катчылык жайгашкан мамлекет тарабынан камсыздалат.
10-берене. Каржылык жоболор
1. Бул Макулдашуу күчүнө кирүүсүнө зарыл болгон ички жол-жобонун аяктагандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү акыркы билдирүүнүн депозитарий алгандан кийин отузунчу күнүндө күчүнө кирет.
Ал күчүнө киргенден кийин Макулдашуу Түрк кеңешинин жаңы катышуучу-өлкөлөрүнүн кошулуусу үчүн ачык болот.
Ал кошулган өлкөлөр үчүн кошулуу жөнүндө аспабын депозитарий алгандан кийин отузунчу күнүндө күчүнө кирет.
2. Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун Депозитарийи болуп эсептелет. Депозитарий Тараптарды Макулдашуу күчүнө кирген күнү жөнүндө, ошондой эле тийиштүү Тараптардан ратификация, кабыл алуу, бекитүү же кошулуу жөнүндө аспапты алгандыгы тууралуу билдирет.
3. Бул Макулдашууну түшүндүрүүдө же колдонууда келишпестиктер жаралган учурда Тараптар аларды консультация жана сүйлөшүү жолдору аркылуу чечишет.
4. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, Протоколдор бул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелип, бул берененин 1-пунктуна ылайык күчүнө кирет.
5. Кайсы гана Тарап болбосун, каалаган учурунда депозитарийге кат жүзүндө билдирүү жөнөтүү жолу аркылуу ушул Макулдашуудан чыга алат. Ошол Тарап үчүн Макулдашуу депозитарий ошондой билдирүүнү алган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.
_____________шаарында 201__-жылдын «____» - _______________бир түп нускада азербайжан, казак, кыргыз, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Пикир келишпестиктер жаралган учурда англис тилиндеги текст артыкчылык кылат.
Бул Макулдашуунун түп нускасы ар бир кол койгон Тарапка күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү жөнөтүүчү депозитарийде сакталат.
Азербайжан Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Түркия Республикасынын
Өкмөтү үчүн