Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-августу № 426-б
1. Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын түзүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
Түрк академиясын түзүү жөнүндө макулдашуу
Мындан ары «Тараптар» аталуучу, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү.
2009-жылдын 3-октябрындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин түзүү жөнүндө Нахичеван макулдашуусунун жоболоруна таянуу менен,
2010-жылдын 16-сентябрында Стамбул шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын X Саммитинин Декларациясын көңүлгө алып, Түрк академиясын түзүү зарылчылыгын баса белгилөө,
түрк маданиятынын тарыхый жана руханий ролу түрк элдеринин жалпы кыймыл аракеттерин бириктирүүдө жана багыттоодо маанилүүлүгүн таануу менен,
дүйнөлүк цивилизацияны жана адамзаттын тарыхы жана маданий мурастарын өнүктүрүүгө түрк элдерининин кошкон салымын эске алуу менен,
Түрк тилдүү мамлекеттер менен элдердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө, билим берүү жана илим жаатында кызматташууну толук чечкиндүү өнүктүрүү үчүн,
академиялык изилдөөлөр менен билим берүүгө көмөк көрсөтүү аркылуу Түрк элдеринин интеграциялоосуна көмөктөшүүгө умтулуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Бул Макулдашууга ылайык Тараптар Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине караштуу (мындан ары - «Түрк Кеңеши» деп аталуучу) Түрк академиясын эл аралык уюм катары түзүшөт.
2-берене
Академиянын максаттары жана милдеттери:
- маданият жана адабият, түрк тилдеринин диахроникалык изилдөөлөрүн жайылтууга жана өнүктүрүүгө, сактап калууга багытталган түркология жаатындагы изилдөөлөрдү багыттоо жана көмөк көрсөтүү;
- түрк окутуусун өнүктүрүү жана түрк окутуусундагы илимий изилдөөлөр жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- жалпы түрк тарыхы менен этнографияны комплекстүү окутууну жүргүзүү;
- жалпы түрк тарыхы менен этнографияны комплекстүү окутууну жүргүзүү;
- түрк элдеринин маданий жана руханий мурастары боюнча изилдөө жүргүзүү , алардын дүйнөлүк цивилизацияга салым кошуусуна жана алардын жетишкендиктерин коомчулукка билдирүү;
- Тараптардын, ошондой эле башка түрк тилдүү мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик мекемелеринин, илимий коомчулугунун, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүнүн демилгелерин колдоо жана көмөк көрсөтүү;
- түрк тилдеринин бардык мүмкүнчүлүктөрүн, байыркы тексттер жана элдик оозеки чыгармачылыкты кошо пайдалануу менен, бардык түрк элдери үчүн бирдиктүү адабий түрк тилин түзүү үчүн аракеттенүү;
- бардык түрк тилдерине ыңгайлуу болгон бирдиктүү түрк алфавитин түзүүнү баштоо;
- тараптардын окуу жайларында колдонуу үчүн жалпы окуу китептерин/окуу куралдарын даярдоо иштерин баштоо;
- Түрк академиясы жалдаган изилдөөчүлөр үчүн диссертациялык программаларды түзүү жолу менен түрк окутуусу жаатындагы адистерди окутуу;
- Түрк окутуусу чөйрөсүндөгү эл аралык белгилүү борборун түзүү.
3-берене
Академиянын жайгашкан жери Казакстан Республикасынын Астана шаары болуп эсептелет. Казакстан Республикасынын Өкмөтү Академияга тийиштүү, жайларды бөлүп берүүнү камсыздайт.
4-берене
Академия ар бир Тараптан бирден өкүлдөн, ошондой эле Түрк академиясынын Президентинен жана Вице-президенттеринен турган Илимий кеңеш жетектөөчү эл аралык уюм катары иштейт. Илимий Кеңешге төрагалык кылуу, Илимий кеңештин мүчөлөрү аркылуу жыл сайын ротация негизинде Тараптардын англис тилиндеги расмий аталыштарынын алфавиттик тартибинде жүргүзүлөт.
Илимий кеңеш өз чечимдерин көпчүлүк добуш менен кабыл алат.
Академияны административдик жетектөөнү, Илимий кеңештин сунушу боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешининин Мамлекет башчыларынын кеңеши (мындан ары - «МБК») тарабынан дайындалган Президент жүргүзөт. Президенттин ар бир Тараптан, анын улуттук тарабын кошпогондо, орун басарлары төрт жылдык мөөнөткө алмаштыруу негизинде дайындалат.
Президент Тараптардын жарандарынан төрт жылга алмашуу негизинде дайындалат. Академиянын биринчи Президенти Казахстан Республикасынын жарандарынан дайындалат, кийинки Президенттер Тараптардын англис тилиндеги расмий аталыштарынын алфавиттик тартиби боюнча дайындалат.
Президент жумушуна тезинен таасир этүүчү орчундуу кемчилик кетирген же ишке жарамсыздыкка алып келүүчү оору менен ооруган учурда Илимий кеңештин сунушу менен МБК тарабынан кызмат ордунан убактылуу четтетилет же/жана бошотулат.
Илимий кеңештин сунушу боюнча Тараптын жарандарынан вице-президенттер дайындалат.
Вице-президенттер жумушуна тезинен таасир этүүчү орчундуу кемчилик кетирген же ишке жарамсыздыкка алып келүүчү оору менен ооруган учурда Илимий кеңеш тарабынан кызмат ордунан убактылуу четтетилет же/жана бошотулат.
Академия Илимий кеңеш тарабынан аныкталган, атайын жааттарда илимий негизде изилдөө жүргүзүү үчүн илимий изилдөөчүлөрдү жалдай ала алат. Илимий изилдөөчүлөр каралып жаткан изилдөөнүн муктаждыктарынын чегиндеги белгиленген мөөнөткө контракт негизинде жалданат.
Түрк Академиясынын кызматкерлери Президент тарабынан дайындалат.
5-берене
Академия өзүнүн ишмердиги жөнүндө отчет даярдайт жана аны МБКга жиберет.
6-берене
Тараптар Академиянын Президентине Түрк кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңеши (мындан ары - ТИМК) тарабынан долбоору жактырылууга тийиш болгон Казакстан Республикасынын аймагында Академияны жайгаштыруунун шарттары жана жайлары жөнүндө Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен турган мамлекет жөнүндө келишимди түзүүгө ыйгарым укук берилет. Академия өзүнүн ишмердигин жүргүзүү үчүн эл аралык укуктук статусун колдонот, анын ичинде:
- келишимдерди түзүү;
- кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу жана сатуу;
- соттордо доогер же, жоопту катарында болуу;
- Эсептерди ачуу жана которууларды жүргүзүүгө, анын ичинде накталай каражаттарды.
7-берене
Түрк академиясынын Президенти, вице-президенти жана алардын үй-бүлөлөрү Казакстан Республикасынын жараны же Казакстан Республикасынын туруктуу жашоочуулары болбогон учурда, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломаттиялык катнашуу жөнүндө Вена конвенциясынын 29 - 36-беренелерине ылайык, ушул беренелердин колдонулуусу жеңилдиктер бөлүгүндө Казакстан Республикасынын дипломатиялык кызматкерлерине берилген артыкчылыктарды жана иммунитетти пайдалана алышат.
Түрк Академиясынын чет элдик кызматкерлеринин артыкчылыктары жана иммунитеттери турган мамлекет жөнүндө келишимде аныкталат.
Академиянын кызматкерлери Түрк академиясы тарабынан төлөп берилген эмгек акылардан жана сыйлыктардан салык алуудан бошотулат.
8-берене
Кийинки каржы жылга карата Академия бюджетинин долбоорун даярдайт жана анын ар бир пункту боюнча эсептөөлөр жана негиздөөлөрү менен Тараптарга жылдын биринчи жарымында таратат. Ал жактырылгандан кийин ТИМК тарабынан бекитилет.
Бириккен Улуттар Уюмунун төлөмдөрүн баалоонун басымдуу шкаласын жана алардын учурдагы тиешелүү региондук уюмдардагы төлөмдөрүн жана Тараптардын төлөө жөндөмдүүлүктөрүн эске алуу менен Тараптардын милдеттүү төлөмдөрү ТИМК тарабынан аныкталат. Бирок Академия жайгашкан мамлекеттин үлүшү калган катышуучулардын төлөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес.
Милдеттүү төлөмдөрдүн шкаласы ТИМК кол коюучу өзүнчө протоколдо көрсөтүлөт.
Өз эрки менен Академияга берилген төлөмдөр чектелбейт.
9-берене
1. Академиянын каржылык иш-аракетине жылына кеминде бир жолу аудит жүргүзүү ТИМК ыйгарым укук берген орган аркылуу жүргүзүлөт. Тышкы аудит жүргүзүүгө керектүү болгон документтерди Академиянын Президенти ыйгарым укуктуу органга берет.
2. Тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин, аудитордук отчет дайындалат, ал Академиянын Президенти Тарабынан тараптарга жиберилет.
10-берене
Үчүнчү Тараптарга жана эл аралык уюмдарга ТИМКнын чечими боюнча байкоочулар статусу берилиши мүмкүн.
11-берене
Академиянын жумушчу тили Тараптардын мамлекеттик/расмий тилдери, ошондой эле англис тили болуп саналат.
12-берене
Бул Макулдашуунун жоболорун колдонууда жана түшүндүрүүдө мүмкүн болгон пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүү жана кеңешүү жолу аркылуу чечет.
13-берене
Эгерде тараптардын бирөө Макулдашуудан чыгууну кааласа, анда Макулдашууну токтотуу ошол гана Тарапка колдонулат. Макулдашуудан чыгуу тийиштүү Тарапта дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу түрүндөгү билдирүүнү депозитарий алган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Чыгуучу Тарап Академиянын фондуна, анын ичинде интеллектуалдык менчикке, Түрк музейине берилген экспонаттарга жана башка белектерге, ошондой эле Түрк китепканасына берилген китептерге жана электрондук материалдардын көчүрмөлөрүнө болгон өзүнүн укугунан баш тартууну кабыл алат.
14-берене
Бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Макулдашуунун 16-беренесинде белгиленген жол-жоболорго ылайык күчүнө кирүүчү жана бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор түрүндө жүргүзүлөт.
15-берене
Бул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлдү жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө, үчүнчү жазуу түрүндөгү билдирүүнү депозитарий алган убакыттан кийинки отузунчу күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул Келишим Түрк тилдүү мамлекеттердин кошулуусуна ачык. Депозитарий Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө документти алган убакыттан кийин отузунчу күнү бул мамлекеттер үчүн Макулдашуу күчүнө кирет.
16-берене
Бул Макулдашуунун депозитарийи болуп Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эсептелет.
__________»____»__________бир түп нускада, азербайжан, казак, кыргыз, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүүдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Бул Макулдашуунун түп нускасы депозитарийде сакталат, ал кол койгон Тараптарга күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жөнөтөт.
Азербайжан Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Түрк Республикасынын
Өкмөтү үчүн