Редакцияот 30.08.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 30-августу № 436-б

Мамлекеттик материалдык резервде сакталган азык-түлүк буудайын өз убагында жаңыртып турууну камсыз кылуу максатында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данынан тартылган унга ундун ички базарда түзүлгөн дүң базар баасынан төмөн бааны белгилесин.".

 

Премьер-министринин

милдетин аткаруучу

 

Ө.Бабанов