Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-июлу № 349-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №436-б, 2012-жылдын 19-октябры № 507-б, 2012-жылдын 12-декабры № 588-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик резервде сактоодо турган азык-түлүк буудай данын сактоо жана аны өз убагында «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жаңыртып турууну камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- 2008-2009-жылдарда сактоого коюлуп, жооптуу сактоочу ишканаларда сакталып турган 20,2 миң тонна азык-түлүк буудай данын белгиленген тартипте тиркемеге ылайык мамлекеттик резервден брондон чыгарсын жана төмөнкү жолдор аркылуу аны жаңыртууну жүргүзсүн:
азык-түлүк буудай данынын сакталышын камсыз кылуучу жооптуу сактоочу ишканаларда ("Талас Дан-Азык", "Алтын-Дан", "Кант Дан-Азык", "Карасуу Дан-Азык" ачык акционердик коомдору, "Дан" мамлекеттик ишканасы жана Балыкчы шаарындагы Түндүк аймактык башкармалык) бөлүгүн ун кылып тартуу жана аны сатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 318-б буйругун аткаруу үчүн өндүрүлгөн ун калдыгын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан белгиленген баа боюнча интервенция жүргүзүү үчүн ички базарда сатуу;
региондордун калкынын буудай унун алууга болгон керектөөлөрүнө ылайык азык-түлүк буудай данынын жооптуу сактоочу ишканаларга ташылышын;
2012-жылдын түшүмүнөн азык-түлүк буудай данынан алынган I жана II сорт ундун бир бөлүгүн I сорттогу ун үчүн - 1:1,4 жана II сорттогу ун үчүн - 1:1,1 катышында алмаштыруу;
алынган ундун бөлүгүн жооптуу сактоочу ишканаларга өз ара карыз иретинде берүү;
- 2008-2009-жылдарда сактоого коюлган азык-түлүк буудай данынын брондон чыгарылган бөлүгүн өз ара карыз иретинде жооптуу сактоочу ишканаларга берсин;
- унду сатуудан түшкөн акча каражатты 2011-2012-жылдардын түшүмүнөн алынган аштык буудайды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебине которсун»;
- брондон чыгарылган аштык буудайды жана унду ташуу, ошондой эле унду сатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алсын;
- республиканын региондору боюнча унду сатуудан алынган акча каражаттарын ата-мекендик айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн 2012-жылдын түшүмүнөн азык-түлүк буудай данын сатып алууга жумшасын;
- мамлекеттик резервден брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данын ташуу боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы боюнча сатып алсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябры № 507-б, 2012-жылдын 12-декабры № 588-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Азык-түлүк буудай данын ташуу төмөнкүдөй жүргүзүлсүн:
- «Дан» мамлекеттик ишканасына:
«Кант Дан-Азык» ачык акционердик коомунан 2009 - 2011-жылдарда сактоого коюлган 9685, 3 тонна;
«Аксу Дан-Азык» ачык акционердик коомунан 2009 - 2011-жылдарда сактоого коюлган 3991,6 тонна;
Түндүк аймактык башкармалыктан 2008 - 2009-жылдарда салынган 2368,5 тонна;
«Алтын-Дан» ачык акционердик коомунан 2007 - 2009-жылдарда сактоого коюлган 2889,3 тонна;
«Карасу Дан-Азык» акционердик коомуна:
«Талас Дан-Азык» ачык акционердик коомунан 2008 - 2011-жылдарда сактоого коюлган 7404,6 тонна, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 202-б буйругуна ылайык «Талас Дан-Азык» ачык акционердик коому тарабынан тандалбаган 1586,0 тонна;
- «Түндүк аймактык башкармалыгына:
«Алтын-Дан» ачык акционердик коомунан 2010 - 2011-жылдарда сактоого коюлган 1220,6 тонна.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Данды экспертизалоо борбору брондон чыгарылган азык-түлүк буудайынан тартылуучу ундун сапатын контролдоону камсыз кылсын.
3-1. Жооптуу сактоочу ишканалар түздөн-түз сакталган жеринде кайра иштетилген азык-түлүк буудай данынын көлөмдөрүн эске алуу менен ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ташылуучу азык-түлүк буудай данынын өлчөмүнө оңдоолорду киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабры № 588-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- аштык буудайды жана унду ташууга, буудайды иштетүүгө, ошондой эле унду сатууга байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 2012-жылга каралган бюджеттик каражаттын чегинде акча каражат бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду үчүн депозиттик эсеп ачсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данынан тартылган унга ундун ички базарда түзүлгөн дүң базар баасынан төмөн бааны белгилесин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №436-б, 2012-жылдын 19-октябры № 507-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун вагондор токтоп калган учурда айыптык санкциялардан бошотуп, данды жүктөөдө жана түшүрүүдө вагондордун оперативдүү берилишин камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 318-б буйругунун 1-пунктунун экинчи абзацындагы «Алтын-Дан» ачык акционердик коомунун» деген сөздөр алып салынсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
№ | Жооптуу сактоочулардын аталышы | Азык-түлүк буудай даны, тонна |
1 | «Кант Дан-Азык» ААКы | 4478,9 |
2 | «Ак-Суу Дан-Азык» ААКы | 570,1 |
3 | Балыкчы ш. Түндүк аймактык башкармалыгы | 2368,5 |
4 | «Алтын-Дан» ААКы | 2889,3 |
5 | «Талас Дан-Азык» ААКы | 3058,2 |
6 | Кызыл-Кыя ш. «Дан» АКы | 2216,5 |
7 | «Карасу Дан-Азык» АКы | 144,5 |
В | Кара-Балта ш. «Дан» мамлекеттик ишканасы | 4474,0 |
| Бардыгы | 20200 |