Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-сентябры № 450-б
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ортосундагы Айыл чарба тармагында кызматташуу жана алмашуу жөнүндө 2013-2014-жылдарга карата пландын тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
2. Планда белгиленген бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине тийиштүү жылга каралган бюджеттик каражаттын чегинде же бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ортосундагы Айыл чарба тармагында кызматташуу жана алмашуу жөнүндө 2013-2014-жылдарга карата
План
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги (мындан ары «Тараптар» деп аталышат) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда 2006-жылы 9-июнда Пекин шаарында кол коюлган Айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду аткаруу, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын айыл чарба тармагындагы кызматташууну жана алмашууну мындан аркы илгерилетүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө ушул Планды иштеп чыгышты:
1-берене. Айыл чарбалык маалыматы жана саясат жөнүндө маалыматтарды алмашып туруу жөнүндө
Тараптар айыл чарбасындагы жаңы саясат жана айыл чарба азыктарынын соодасы жөнүндө маалыматтарды, актуалдуу эл аралык айыл чарба жана азык-түлүк маселелери тууралуу активдүү маалымат алмашып турушат. Тараптар айыл чарба маалыматтарын, анын ичинен эки өлкөдө өткөрүлгөн эл аралык айыл чарба көргөзмөлөрү жана айыл чарба азыктарынын жарманкелери тууралуу маалыматтарды беришип турууну күчөтүшөт.
2-берене. Ветеринария жана ветеринардык карантин тармагында кызматташуу жөнүндө
Ушул Пландын 2-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасы тарабынан төмөндөгү компетенттүү органдар аныкталды: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 14-августунда кол коюлган Жаныбарлардын саламаттыгы жана карантини тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптар ветеринария, ветеринардык карантин тармагында кызматташууну күчөтүшөт жана айыл чарба жаныбарлары жана мал чарба азыктары менен соодалашууну үзгүлтүксүз өнүктүрүү максатында өз өлкөсүндөгү эпизоотиялык абал тууралуу бири-бирин өз убагында маалымдап турушат.
3-берене. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүгү тармагындагы алмашуу боюнча кызматташуу жөнүндө
Тараптар мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана алардын компетенциясынын алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүгү тармагындагы алмашуу боюнча кызматташууну өркүндөтүшөт. Жакынкы эки жылдын ичинде Тараптар эки өлкөнүн айыл чарбалык илимий изилдөө институттарынын ортосунда жогоруда аталган багыттар боюнча практикалык кызматташууну илгерилетүү үчүн бардык аракеттерди жумшашат.
4-берене. Айыл чарба технологиясы жана биргелешкен дыйканчылык сынамык долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө
Тараптар айыл чарба технологиясы жана биргелешкен дыйканчылык сынамык долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташууну биргелешип өнүктүрүшөт, эки өлкөнүн илимий изилдөөчү институттарынын жана ишканаларынын Кыргызстанда дыйканчылыкта айыл чарба технологияларын жайылтуу боюнча сынамык долбоорду түзүү боюнча эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүсүн кеңейтишет жана колдоого алышат. Буга байланыштуу Тараптар өз мамлекеттеринин ишканаларына түз байланыштарды түзүүгө жардамдашышат, бул үчүн керектүү кызматтарды көрсөтүшөт.
5-берене. Айыл чарба азыктарын соодалоо жана аларды иштетүү тармагында кызматташуу жөнүндө
Айыл чарба азыктарын эки тараптуу соодалашууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн рыноктук керектөөлөрүн канааттандыруу максатында Тараптар эки өлкөнүн ишканаларына айыл чарба азыктарын иштетүү жагында колдоого алышат, жардам беришет жана аларды маалымат менен камсыздашат жана ыңгайлуу шарттарды түзүшөт. Кытай тарап Кытайда айыл чарба темасында өткөрүлүүчү ар кандай презентацияларга, жыл сайын болуучу тиешелүү көргөзмөлөргө жана жарманкелерге кыргыз делегацияларын катышууга чакырат. Кытай тарап Кыргызстанда айыл чарбасы темасында өткөрүлчү ар кандай иш-чараларга катышууга даяр экенин билдирет.
6-берене. Айыл чарбалык техника тармагындагы кызматташуу жөнүндө
Айыл чарба техникалары тармагында кызматташууну натыйжалуу өнүктүрүү максатында Тараптар эки өлкөнүн ишканалары айыл чарба техникаларын эки тараптуу соодалашуунун негизинде жана рыноктун керектөөлөрүн эске алуу менен кызыкдар тараптардын айыл чарбалык техника тармагында, анын ичинде айыл чарбалык техниканын запастык тетиктерин берүү жана тейлөө станцияларын ачуу жагында кызматташуунун формаларын караштырышына умтулушат.
7-берене. Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо тармагындагы кызматташуу тууралуу
Кытай тарапка төмөнкүлөр сунушталат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатуу үчүн жаңы пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо менен пестициддерди, минералдык жана органикалык-минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу кытай заводдорунун өкүлчүлүктөрүн ачуу зарылдыгы чыкса;
- башка өндүрүүчүлөр менен атаандаштыкка жарамдуу баада Кыргыз Республикасынын аймагында минералдык жана органикалык-минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу кытай заводдорунун өкүлчүлүктөрүнүн консигнациялык кампаларын ачуу зарылдыгы чыкса;
- жер семирткичтерди берүү жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары боюнча атайы техникаларды (дары сепкичтер, дарылоочу машиналар, жер семирткичтерди чачуучу техника, суюк жер семирткичтерди себүүчү техникалар) чыгаруучу кытай заводдорунун өкүлчүлүктөрүн ачуу зарылдыгы чыкса;
- пестициддерди жана жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын себүүчү техникаларды (дары сепкичтер, дарылоочу машиналар, жер семирткичтерди чачуучу техника, суюк жер семирткичтерди себүүчү техникалар) чыгаруучу кытай өндүрүүчүлөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелерди уюштуруу жана өткөрүү;
- Кытай Эл Республикасынын илимий изилдөө институттары менен Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдү коргоо кызматынын адистерин даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана Кытай Эл Республикасында аларга стажировкадан өтүүнү өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу жана кызматташуу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө өсүмдүктөрдү коргоонун интеграцияланган системасын жайылтуу. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө өсүмдүктөрдү коргоонун интеграцияланган системасын колдонууда Кытайдын тажрыйбасын, иштелмелерин изилдөө жана колдонуу үчүн Кытай Эл Республикасынын илимий-изилдөө институттары, эксперименталдык-тажрыйба чарбалары менен байланыштарды жөнгө салуу зарыл.
8-берене. Кадрларды даярдоо жана окутууда кызматташуу жөнүндө
Эки өлкөнүн айыл чарба адистеринин башкаруу дараметин жана техникалык деңгээлин көтөрүү, өз ара мамилени жана достукту чыңдоо максатында кытай тарап Кытайда кыргыздар үчүн тиешелүү тренингдерди уюштурат, буларга кыргыз тарап тиешелүү адистерин жөнөтүп турушат. Жакынкы акыркы эки жылдын ичинде кытай тарап 20 кыргыз адистерин айыл чарба маселелери боюнча тиешелүү иш-чараларга, анын ичинен айыл чарба башкаруусу, айыл чарба инновациялык технологиялар боюнча тематикалык семинарларда, тренингдерде катышууга Кытайга чакырат.
2006-жылы 9-июнда Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарбасындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү меморандумуна ылайык аталган Планда каралгандарга байланыштуу жөнөтүүчү тарап эл аралык транспортко жана тамак-аш каражаттарын төлөп берет, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса.
9-берене. Планга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу
Тараптардын өз ара макулдашуусу менен Планга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет, алар өзүнчө Протокол менен таризделет, ал Протоколдор Пландын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Пландын 10-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
10-берене. Пландын иш-аракет мөөнөтүнүн узактыгы жана кол коюу
Ушул План кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул План 2 жыл мөөнөткө түзүлөт, Тараптардын бири экинчи Тарапты кезектеги мөөнөттүн аякташына 6 ай калганча пландын ишин токтотуусу жөнүндө ниетин кат жүзүндө маалымдабаса Пландын иш-аракети улана берет.
Бишкек шаарында 2012 ж. «__»_________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана кытай тилинде түзүлдү, бардык нускалар бирдей күчкө ээ. Бул Пландын жоболорун талкуулоодо ар кандай кайчы пикирлер чыкса, орус тилиндеги текстке кайрылуу керек.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги үчүн ____________________________ | Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн _____________________________ |