Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-сентябры № 451-б
Гранттык каражаттарды тартуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техника-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техника-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техника - экономикалык кызматташуу жөнүндө
Макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү достук мамилелерин жана техника-экономикалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр тууралуу ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпы суммасы 10 (он) миллион кытай юаны болгон кайтарымсыз грант берет.
2-берене
Жогоруда аталган кайтарымсыз грант эки өлкөнүн Өкмөттөрү макулдашкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдонулат. Конкреттүү маселелер кошумча эки тараптуу Макулдашууда белгиленет.
3-берене
Ушул Макулдашууну аткаруу үчүн эсептик жол-жоболор боюнча тиешелүү Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалган орган менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосунда кошумча кол коюлат.
4-берене
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана эки өлкөнүн Өкмөттөрү ушул Макулдашуудан келип чыккан милдеттерди толук аткарганга чейин күчүндө болот.
Бишкек шаарында, 2012-жылдын “_’’-сентябрында ар бир тарап үчүн эки нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |