Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 11-январы № 8-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин мекемесин жоюу жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Төмөнкү курамда жоюу комиссиясы түзүлсүн:
Кенебаев К.Ч. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) башкы штабынын начальниги, комиссиянын төрагасы;
Канулькулов М.Э. - ЖАМКнын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги;
Айманбетов А. - ЖАМКнын кадрлар башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Сулаимбеков Б.Ш. - ЖАМКнын жатак-абактар бөлүмүнүн улук инспектору;
Турпанбаев М.Т. - ЖАМКнын атайын бөлүмүнүн улук инспектору;
Бостоналиев Ж.Т. - ЖАМКнын каржы башкармалыгынын улук инспектору;
Султанов С.К. - ЖАМКнын жатак-абактар бөлүмүнүн опер кызматкери.
2. Жоюу комиссиясы бир айлык мөөнөттө:
- ЖАМКнын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин № 41 түзөтүү мекемесинин (мындан ары - № 41 түзөтүү мекемеси) мүлкүн эсепке алууну жана баалоону жүргүзсүн;
- жоюу балансын бекитсин;
- бошогон персоналды жумушка орноштуруу, № 41 түзөтүү мекемесинин эсебиндеги адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүү маселесин чечсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |