Редакцияот 13.01.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 13-январы № 9-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөту менен Эл аралык Кызыл крест комитетинин (ЭККК) ортосундагы ЭКККнын Кыргыз Республикасындагы статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө 2004-жылдын 7-октябрындагы Макулдашууга езгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жактырылсын.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык

Кызыл крест комитетинин (ЭККК) ортосундагы ЭКККнын

Кыргыз Республикасындагы статусу, артыкчылыктары жана

иммунитеттери жөнүндө 2004-жылдын 7-октябрыидагы

Макулдашууга озгөртүүлөрдү кнргизүү тууралуу протокол

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Кызыл крест комитета (ЭККК).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Кызыл крест комитетинин (ЭККК) ортосундагы ЭКККнын Кыргыз Республикасындагы статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө 2004-жылдын 7-октябрындагы Макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 17-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүпдө макулдашты:

1 - берене

Макулдашуунун 11-беренесинин 11-пунктундагы "ЭКККнын региондук өкүлчүлүгү" аталышы "ЭКККнын өкүлчүлүгү" деген аталышка алмаштырылсын.

2 - берене

Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

___________ шаарында 201__-жылдын "___"___________  

эки нускада бирдей юридикалык күчкө ээ болгон кыргыз, англис жана орус тилдеринде түзүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын                                                                                                  Эл аралык Кызыл крест

Өкмөтү үчүн                                                                                                                                комитети үчүн