Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-январы № 19-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 318-б буйругун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйнап алуу максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтомун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 318-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- өндүрүлгөн унду республиканын ички базарларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ведомстволук түзүмдөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилеген баа менен сатсын же I жана II сорттогу алынган унду мамлекеттик резервге коюу үчүн 2011-жылдын түшүмүнүн 3-класстан кем эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес, айылдык товар өндүрүүчүлөр менен жооптуу сактоочулардын ортосундагы салыштыруу актысына ылайык биринчи сорттогу ун үчүн 1 : 1,4 жана экинчи сорттогу ун үчүн 1 : 1,1 катышындагы азык-түлүк буудай данына алмаштырсын;".
Премьер-министр | Ө.Бабанов |