Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-июлу № 371
2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйноо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 554,2011-жылдын 27-сентябрындагы № 606, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 698 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2011-жылы оптималдуу агротехникалык мөөнөттө дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо боюнча иштерди өз учурунда жана уюшкандыкта өткөрүүнү камсыздоо, ошондой эле өстүрүлгөн түшүмдү жыйноо мезгилинде республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Республиканын облустарынын жана райондорунун мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, министрликтердин жана ведомстволордун, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн биринчи кезектеги милдеттери бири болуп айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө өз учурунда жүргүзүү, аларды кайра иштетилүүчү жерге чейин жеткирүү жана сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүү эсептелсин.
2. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрация башчылары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- түшүм жыйноодо пайдаланылуучу колдо болгон оруп-жыйноочу жана салмагын өлчөөчү техниканы, дан жана үрөн тазалоочу машиналарды, кырмандарды жана кампа жайларды, транспорт каражаттарын өз учурунда ремонттоону уюштурушсун жана жыйым-теримге даярдыгын камсыз кылышсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо мезгилинде айыл чарба техникасын жана транспорт каражаттарын ремонттоо жана техникалык тейлөө боюнча мобилдүү сервистик кызматтардын үзгүлтүксүз иштешин уюштурушсун;
- дан оруучу комбайндарды жана транспорт каражаттарын өрткө каршы инвентарлар менен камсыз кылышсын, ошондой эле талааларда, кырмандарда, чөп үймөктөрүндө, айыл чарба продукцияларын сактоочу жана кайра иштетүүчү башка жерлерде өрткө каршы коопсуздук чараларын сактоону камсыздашсын;
- бир жумалык мөөнөттө облустар, райондор, айыл округдары боюнча кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн жыйноонун тиешелүү графигин иштеп чыгышсын жана бекитишсин, эгиндин бышуу мөөнөтүн эске алуу менен эгин оруучу комбайндардын жүрүү маршруттарынын схемасын түзүшсүн.
3. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мамлекеттик администрация башчылары:
- Чүй облусунан эгин оруучу комбайндарды тартууну уюштурушсун;
- тартылган комбайнчыларга кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо боюнча үзгүлтүксүз иштөө үчүн шарттарды түзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- жыйнагандан жана тиешелүү иштеп чыккандан кийин 2012-жылдын түшүмүнө күздүк жана жаздык себүүгө пайдалануу менен кылкандуу дан эгиндеринин мыкты сортторун үрөндүк максаттарга бөлсүн;
- андан ары талаа апробациясын жүргүзүү жана тиешелүү сорттук документтерди тариздөө менен текшерүүнү, түрлөрү жана сорту боюнча отоону жүргүзсүн;
- түшүмдү топтоо үчүн себилген жүгөрүнү жана техникалык өсүмдүктөрдү багуу боюнча зарыл болгон агротехникалык иш-чараларды жүргүзүүнү уюштурсун;
- өсүмдүктөрдү коргоонун химиялык жана биологиялык каражаттарын колдонуу менен себилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерине жана зыянкечтерине каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иштерин күчөтсүн;
- ар бир үрөнчүлүк чарбада үрөн үчүн себилген сорттук жана репродукциялык курамга талдоо жүргүзсүн, күздүк жана жаздык буудайдын, күздүк жана жаздык арпанын, пахтанын, беденин жана эспарцеттин бардык болгон жогорку репродукциядагы себүүлөрүн өзүнчө эсепке алсын;
- үрөн үчүн себилгендерди өз учурунда жыйноого, алгачкы иштетүүгө жана жыйналган түшүмдү себүү кондициясына жеткирүүгө, уруктарды маркалоого жана таңгактоого, сорттук жана себүү сапаттарын сактоого контролдоону камсыз кылсын;
- 2011-жылдын IV кварталынын ичинде белгиленген тартипте республиканын үрөнчүлүк чарбаларына кайра аттестациялоо жүргүзсүн жана үрөнчүлүк чарбаларга статус ыйгарууга чарбакер субъекттердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги үч күндүк мөөнөттө төмөнкүлөрдү белгилесин:
- 3-класстан төмөн болбогон, клейковинасы 21 проценттен кем болбогон сатып алынуучу аштык буудайга бааны;
- республикалык мамлекеттик үрөн фондуна топтолгон жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги сатып алуучу буудайдын жана арпанын сорттуу үрөнүнө сатып алуучу бааны.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду республикалык мамлекеттик үрөн фондуна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүн өз учурунда топтоо жана 2012-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилеген баалар боюнча күздүк буудайдын жана күздүк арпанын суперэлита, элита, биринчи жана экинчи продукциядагы үрөндөрүн республикалык үрөн фондуна топтоо үчүн мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча (Япония Өкмөтүнүн грантынын жана Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча 10 жыл ичинде тындыруу мөөнөтү менен алынган кредиттерден башка) карыздарын жоюу эсебине кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүн кабыл алуу боюнча типтүү макулдашууларды үрөн чарбалары жана айылдык товар өндүрүүчүлөр менен түзсүн;
- Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык, облустук жана райондук мамлекеттик комиссиялар тарабынан бекитилген разнарядканын негизинде өрөөндөрдөгү райондордун чарбалары үчүн 2012-жылдын 1-сентябрына чейин, тоолуу райондор үчүн - 15-сентябрга чейин кайтаруу мөөнөтү менен процентсиз товардык кредит түрүндө күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөндөрүн алуучулар болгон үрөн чарбалары жана айылдык товар өндүрүүчүлөр менен кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди өз учурунда тариздесин;
- (Төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 606 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Фонд үчүн 2011-жылга республикалык бюджетте каралган каржылоо көлөмүнүн чегинде берилген билдирмелерге ылайык мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын сатып алуу, коюу, брондон чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун операциялык чыгымдарын өз учурунда каржылоону ишке ашырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 300 млн. сом суммасында 2011-жылга каралган бюджеттик каржылоонун чегинде:
- "Газпромнефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомунан бир булактан алуу ыкмасы менен 5,0 миң кубометр дизель отунун сатып алсын;
- сапаты 3-класстан төмөн эмес, 21 проценттен кем эмес клейковина кармаган 10,0 миң тонна аштык буудай сатып алуу;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн сапаты 3-класстан төмөн эмес, 21 проценттен кем эмес клейковина кармаган 10,0 миң тонна аштык буудайды бюджеттик ссудалар жана Япония Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча берилген чет өлкөлүк кредиттер (Япония Өкмөтүнүн грантынын жана Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча 10 жыл ичинде тындыруу мөөнөтү менен берилген кредиттерден башка) боюнча алардын карыздарын тындыруу эсебине кабыл алууга уруксат берилсин;
- мамлекеттик материалдык резервден 5,0 миң куб. метр дизель отунун брондон чыгарсын жана 2011-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө аны кабыл алуу, жеткирүү, берүү жана сактоо менен байланышкан операциялык чыгымдарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан белгиленген баада райондордун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын разнарядкалары боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатсын;
- дизель отунун сатуудан алынган акча каражатын республикалык бюджетке которсун.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
9. "Агроазыктүлүккорпорациясы" ачык акционердик коомуна республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында 3 күндүк мөөнөттө аштык буудайды сатып алуу шарттары жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү сунушталсын.
10. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор белгиленген тартипте чарбакер субъекттер тарабынан берилген графиктерге ылайык 2011-жылдын түшүмүн жыйноо мезгилинде ишке тартылган салмак өлчөөчү техникаларга жана өлчөөчү приборлорго текшерүү жүргүзсүн.
11. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдоруна республиканын облустарынын жана райондорунун мамлекеттик администрациялары менен бирдикте кырмандардын, механикалык мастерскойлордун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жана аны кайра иштетүү мезгилинде ишке тартылган башка көмөкчү кызматтардын ишин камсыздоо үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча маселени чечүү сунушталсын.
12. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына ушул токтомдун тиркемесине ылайык көлөмдө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоо сунушталсын.
13. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы:
- республиканын кызылча өстүрүүчүлөрүнөн кабыл алынган кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынан "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомунун билдирмесинин негизинде кайра иштетилүүчү жерге чейин ташуу үчүн вагондорду үзгүлтүксүз бөлүп берүүнү камсыздасын;
- 2011-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алуу жана ташуу мезгилине вагондордун жүктөөгө жана түшүрүүгө туруп калуусунун экономикалык жактан негизделген нормативин белгилесин.
- 2011-жылдын 15-октябрынан 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге кант кызылчасын (кызылча пунктунан аны "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомунун кант заводунда кайра иштетүүчү жерге чейин) жана кызылча өстүрүүчүлөр менен эсептешүү үчүн арналган кумшекерди (кант заводунан кызылча пунктуна чейин) ташууда темир жол тарифтерин 20 процентке сезондук азайтуу белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 698 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Тиркеме
2011-жылы жыйноо иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарга айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн
КЕРЕКТӨӨЛӨРҮ
(тонна)
┌───────────────────────────┬────────────┬──────────┬───────────┬─────┐
│ Облустардын аталышы │Дизель отуну│Автобензин│Дизель майы│Автол│
├───────────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼─────┤
│Баткен │ 2320│ 648│ 130│ 40│
├───────────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼─────┤
│Жалал-Абад │ 4500│ 1626│ 325│ 97│
├───────────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼─────┤
│Ысык-Көл │ 6732│ 1145│ 230│ 70│
├───────────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼─────┤
│Нарын │ 3808│ 712│ 142│ 42│
├───────────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼─────┤
│Ош │ 5928│ 1258│ 250│ 75│
├───────────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼─────┤
│Талас │ 3880│ 970│ 194│ 58│
├───────────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼─────┤
│Чүй │ 14828│ 4197│ 840│ 252│
├───────────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼─────┤
│Республика боюнча бардыгы │ 41996│ 10557│ 2111│ 630│
└───────────────────────────┴────────────┴──────────┴───────────┴─────┘
|
|