КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 31-январы № 20-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 228-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган буйрук менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлигинин ортосундагы Жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндөгү макулдашуунун долбоорунда:
аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |