Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 14-июну № 228-б
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 31-январындагы № 20-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы жаштар саясаты жаатында кызматташууну өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлигинин ортосундагы Жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы № 86-6 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги
менен Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт
министрлигинин ортосундагы Жаштар саясаты
жаатында кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги жана Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлиги,
эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы салттуу достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара умтулуп,
жаштар иштери боюнча мамлекеттик органдардын, улуттук, региондук жана башка жаштар уюмдарынын ортосундагы эриш-аркак иштөө жолу менен, тең укуктуулук принцибинин негизинде эл аралык кызматташууну кеңейтүү жана өркүндөтүү ниетин ырастап,
өз ара тыгыз байланыштарды жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташтыкты түзүү Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын жаш муундарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө өбөлгө болооруна ишеним артып,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында жана улуттук мыйзамдарына ылайык жаштар иштери боюнча мамлекеттик органдардын, улуттук жана региондук жаштар бирикмелеринин линиясы боюнча жаштар менен иштөө чөйрөсүндөгү тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтөт, жаштар кызматташтыгын күчөтүүгө, жаштарды маданий мурастар менен тааныштырууга багытталган алардын демилгелерин, жаштар менен иштөө чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга катышуусун жигердүү колдойт.
2-берене.
Тараптар жаштар саясаты жаатындагы кызматташтыкты жана байланышты өнүктүрүүнү төмөнкүлөр аркылуу колдойт жана аларга өбөлгө түзөт:
- бирге иштөө, өз ара байланышуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- жаштар саясаты жаатында тажрыйба алмашуу;
- жалпы программаларды ишке киргизүүгө жана Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында жаштардын иш-чараларын (съезддерди, симпозиумдарды, конгресстерди, конференцияларды, семинарларды, тренингдерди, фестивалдарды, форумдарды, брифингдерди, көргөзмөлөрдү, конкурстарды, жолугушууларды) өткөрүүгө көмөк көрсөтүү.
3-берене.
Тараптар мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы тикелей байланыштарды өнүктүрүүгө, анын ичинде делегацияларды жиберишүүнү, өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелер боюнча маалыматтарды алмашууну, ошондой эле бирге иштелип чыккан программалар боюнча иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар ушул Макулдашуунун максаттарын ишке ашыруу үчүн башка кызыкдар уюмдарды тарта алышат.
4-берене.
Тараптар жаштардын каникул жана жайкы эс алуу мезгилдеринде студенттер топторун өз ара жиберишүүнү уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт.
Тараптар жаштардын көйгөйлөрү менен иштеген эл аралык, өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдардын иши боюнча жана тажрыйбаларды, ошондой эле төмөнкүдөй маалыматтарды алмашат:
- өз мамлекеттеринде жаштар саясатын жөнгө салуучу мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук актылар жөнүндө;
- жаштар саясатын ишке ашыруунун абалы жөнүндө;
- маалымдама-маалыматтык, методикалык жана башка материалдарды.
5-берене.
Тараптар жаштарды ишке орноштурууга байланыштуу программаларды, ошондой эле алардын турак жай маселелерин чечүүгө багытталган программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатындагы тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар жашы жете электерге, жаштарга психологиялык, юридикалык жана башка жардам берүүчү жашы жете электердин иштери боюнча кызматтардагы, жаштар үчүн социалдык кызмат борборлорундагы, алардын адистешкен түзүмдөрүндөгү иш тажрыйбаларды алмашат.
6-берене.
Тараптар ушул Макулдашууга ылайык жаштар саясаты жаатындагы биргелешкен иш-чаралардын планын жыл сайын иштеп чыгат жана бекитет жана анын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.
7-берене.
Жаштар өз ара жиберишүү жөнүндө тикелей түзүлгөн келишимдердин алкагындагы кызматташуу өз ара принципте ишке ашырылат, атап айтканда:
- жиберүүчү Тарап командировка боюнча бардык чыгымдарды өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык өзүнө алат;
- кабыл алуучу Тарап болуудагы, анын ичинде жайгаштыруу, тамак-аш, ички транспорттук ташуулар, ошондой эле башка зарыл жардамдар боюнча чыгымдарды өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык өзүнө алат.
8-берене.
Бул Макулдашууга өз ара макулдашуу боюнча Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн, ал өзүнчө протокол менен таризделип, анын ажырагыс бөлүгү болуу менен ушул Макулдашуунун 11-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
9-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун колдонуу жана чечмелөө боюнча кайчы пикирлер болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүү жана консультация жүргүзүү жолу менен чечишет.
10-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет, аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана бир Тараптын ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн экинчи Тарап алган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин жарактуу болот.
11-берене.
Бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунун жоболорунун негизинде макулдашылган жана анын аракети токтотулган учурга карата аяктай элек программаларды жана долбоорлорду Тараптардын аткарышына таасирин тийгизбейт.
_______________ шаарында 20__-жылдын "__" ______________________
ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасынын
Жаштар, эмгек жана иш менен Жаштар жана спорт
камсыз кылуу министрлиги үчүн министрлиги үчүн