Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-февралы № 22-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 85-б буйругунун редакциясына ылайык)
Баткен облусуна санариптик телекөрсөтүүнү киргизүү боюнча пилоттук долбоордун аяктоосуна байланыштуу:
1. Баткен облусуна санариптик телекөрсөтүү тармактарын кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Абдылдаев Р.Д. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, комиссиянын төрагасы; |
Исмаилов З.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Борубаева А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармасынын начальниги; |
Салиев Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин экономика жана финансы башкармасынын начальниги; |
Хамрабаев Х.Х. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Кадыралиева К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эл аралык кызматташуу жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Ибраева М.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун стратегиялык объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармасынын башкы адиси; |
Молдобаева Г.О. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармасынын социалдык чөйрөнү каржылоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Абдраев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматтык саясат башкармасынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Эсенгелдиев У.Ч. | - | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун вице-президенти - техникалык директору (макулдашуу боюнча); |
Жанузаков У.С. | - | "Телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча). |
1-1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Баткен облусуна санариптик телеберүүнү киргизүү пилоттук долбоорунун алкагында алынган 7 бирдиктеги санариптик телекөрсөтүүнү бергичтерди төмөнкү аймактарда пайдаланууга уруксат берилсин:
- Чүй облусунда: РРС-4 "Бишкек" (250 Вт);
- Ош облусунда: РРС-18 "Ош" (250 Вт), РРС-32 "Ноокат" (30 Вт), РРС-30 "Араван" (30 Вт), РРС-26 "Узген" (250 Вт);
- Жалал-Абад облусунда: РРС-6/1 "Южная-1" (30 Вт), РРС-6/2 "Южная-2" (250 Вт).
2. Комиссия 2014-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусунда телекөрсөтүү тармагын кабыл алууну жүзөгө ашырсын;
- телекөрсөтүү тармагын кабыл алуу жөнүндө документтерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Баткен облусунда телекөрсөтүү тармактарын кабыл алуу боюнча комиссиянын документтеринин негизинде санариптик телерадиоберүү тармактарынын жабдууларын "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун балансына өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетинин мамлекеттик менчик үлүшүн өткөрүлүп берилген комплекстин баасына адекваттуу көлөмдө көбөйтүү тууралуу маселени киргизсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |