Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-марты № 85-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 22-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- Баткен облусуна санариптик телекөрсөтүү тармактарын кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- төмөнкү мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Баткен облусуна санариптик телеберүүнү киргизүү пилоттук долбоорунун алкагында алынган 7 бирдиктеги санариптик телекөрсөтүүнү бергичтерди төмөнкү аймактарда пайдаланууга уруксат берилсин:
- Чүй облусунда: РРС-4 "Бишкек" (250 Вт);
- Ош облусунда: РРС-18 "Ош" (250 Вт), РРС-32 "Ноокат" (30 Вт), РРС-30 "Араван" (30 Вт), РРС-26 "Узген" (250 Вт);
- Жалал-Абад облусунда: РРС-6/1 "Южная-1" (30 Вт), РРС-6/2 "Южная-2" (250 Вт).";
- 2-пункттун биринчи абзацындагы "2012-жылдын 1-мартына" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын 1-майына" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 85-б буйругуна тиркеме |
Абдылдаев Р.Д. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, комиссиянын төрагасы; |
Исмаилов З.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Борубаева А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармасынын начальниги; |
Салиев Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин экономика жана финансы башкармасынын начальниги; |
Хамрабаев Х.Х. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Кадыралиева К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эл аралык кызматташуу жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Ибраева М.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун стратегиялык объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармасынын башкы адиси; |
Молдобаева Г.О. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармасынын социалдык чөйрөнү каржылоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Абдраев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматтык саясат башкармасынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Эсенгелдиев У.Ч. | - | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун вице-президенти - техникалык директору (макулдашуу боюнча); |
Жанузаков У.С. | - | "Телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча). |