КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 128-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-февралы № 26-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 455-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коомдук негиздеги Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуралаштыруу маселелери боюнча өкүлүнүн катчысы жана жардамчысы - Шамканов Нурлан Күмүшбекович.".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 93-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 132-б буйругу.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |