Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017 жылдын 13 майы № 115
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Түп, Ала-Бука, Токмок шаардык, Талас шаардык, Талас, Манас аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түп, Ала-Бука, Токмок шаардык, Талас шаардык, Талас, Манас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-майы № 115 токтомунун 1-тиркемеси
|
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
1№ | Ак-Булун айылдык | Ботоев Таалай Кычиевич | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | №267, 26.12.2016-ж. |
2. | Сары-Булак айылдык | Таалайбек уулу Жоомарт | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | №267, 26.12.2016-ж |
3. | Санташ айылдык | Жапаров Орозобек Нургожоевич | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | №267, 26.12.2016-ж |
4. | Тогуз-Булак айылдык | Джумабаев Бахтияр Алмазович | Өз арызы (башка жерге туруктуу жашоо учүн чыгып кетишине байланыштуу) | №267, 26.12.2016-ж |
5. | Ак-Булак айылдык | Алиев Айтбек Акматович | Өз арызы | №267, 26.12.2016-ж |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
6. | Ала-Бука айылдык | Боронбаев Усен Токтоматович | Өз арызы | №261, 24.12.2016-ж. |
Чүй облусу | ||||
Токмок шаары | ||||
7. | Токмок шаардык | Сулейманова Назира Мухтаровна. “АК”- адилеттик жана өнүгүү с/партиясы | Өз арызы | №66, 12.03.2017-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
8. | Талас шаардык | Аскаров Эркин (“Кыргызстан”с/п) | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | №254, 24.12.2016-ж. |
Талас району | ||||
9. | Нуржанов айылдык | Джакыпбеков Бекболот Казакович | Өз арызы, А.Нуржанов о.м. директору болуп дайындалган | №255, 24.12.2016-ж. |
Манас району | ||||
15. | Кайыңды айылдык | Исмаилов Джарашбек Шекербекович | Өз арызы | №255, 24.12.2016-ж. |