Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 6-февралы № 34-б
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетинин бөлүгүн менчиктештирүү алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу:
1. Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-октябрында кол коюлган "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун (Кыргыз Республикасы) акцияларынын мамлекеттик пакетинин бөлүгүн менчиктештирүү алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине жогоруда аталган Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 433-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - КР Өкмөтү) жана "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) (мындан ары "Газпром" ААКы).
Кыргыз Республикасынын аймагына жаратылыш газын ташып келүү жана бөлүштүрүү жаатында өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү максатында,
2003-жылдын 16-майындагы Газ тармагында кызматташуу жөнүндө "Газпром" ААКы менен КР Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга негизденип,
Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-октябрында кол коюлган "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун (Кыргыз Республикасы) акцияларынын мамлекеттик пакетинин бөлүгүн менчиктештирүү алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга (мындан ары - Меморандум) төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашты:
1. Меморандумдун 10-беренеси төмөнкү редакцияда берилсин:
"10-берене.
Тараптардын ушул Меморандумду ишке ашырууга көзөмөл жүргүзүүчү жана жылдыруучу жана Жумушчу топту жетектөөчү жооптуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр дайындалат:
- КР Өкмөтү тараптан - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри А.А.Шадиев;
- "Газпром" ААКы тараптан - "Газпром" ААКынын башкармасынын төрагасынын орун басары В.А.Голубев.".
2. Бул Протокол Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
3. Бул Протокол ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Меморандумдун колдонулушу токтотулганга чейин жарактуу болот.
Бишкек шаарында 2012-жылдын "___" ___________ орус тилинде эки түп нускада даярдалды.
Кыргыз Республикасынын "Газпром" ачык акционердик
Өкмөтү үчүн коому үчүн
______________________ ______________________
А.Шадиев А.Миллер
энергетика жана өнөр жай Башкарманын төрагасы
министри