Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-февралы № 42-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 342-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору К.Т.Оторбаевдин маалыматы тууралуу" токтомуна ылайык, мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун камсыздоо, Радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмесин "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун курамынан чыгаруу жана аны менчиктештирилбей турган стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүү боюнча чечимдерди иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Карашев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун төрагасы; |
Сариев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри; |
Султанов К. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Кутманов Н. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Жапаров А. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Атаханов Ш.Е. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; |
Аманкулов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директору; |
Кадыркулов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору; |
Абулгазиев М.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; |
Тойчубеков Ю.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Баратбаев А.С. | - | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун президенти-башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Бегалиев К.А. | - | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмесинин башкы директору; |
Касымов Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Мамырканов Э. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- Радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмесин "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун курамынан чыгаруу жана аны менчиктештирилбей турган стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүү боюнча чечимдердин механизмин жана долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун курамынан чыгарууда Радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмесинин курамына киргизилүүчү активдердин тизмесин аныктасын;
- Радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмесинин курамынан бөлүнгөндөн кийин "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунда калган активдердин тизмесин аныктасын;
- Радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмесинин, телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун бөлүштүрүлүүчү баланстарынын долбоорлорун түзсүн;
- Радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмесин "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун курамынан этап-этабы менен бөлүүнүн планын иштеп чыксын.
3. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартуу укугу берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |