Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-февралы № 44-б
Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн кызматтык квартира катары арналган, Жийделик көчөсүндө жайгашкан Ош шаарындагы 60 квартиралуу эки беш кабат турак үйдүн курулушу аяктагандыгына байланыштуу:
1. Жийделик көчөсүндө жайгашкан Ош шаарындагы турак үйдөн Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн квартираларды бөлүштүрүү (квоталар) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети кызматтык квартираларды алуучу адамдардын тизмесин түзүү үчүн ведомстволук комиссияларды түзүшсүн.
3. Ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилери ведомстволук комиссиялардын сунуштары боюнча кызматтык квартираларды алуучу адамдардын тизмесин бекитишсин.
4. Ош шаарынын мэриясы белгиленген тартипте курулушу аяктаган турак үйдү баланска кабыл алсын жана тиркелген бөлүштүрүүгө (квоталарга) ылайык тургундарына кызматтык ордерлерди берсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
┌─┬───────────────────────────────┬─────────────┬─────────────────────┐
│№│ Мамлекеттик органдар │ Бардык │ Анын ичинде │
│ │ │ квартиралар ├──────────┬──────────┤
│ │ │ │ эки │ үч │
│ │ │ │ бөлмөлүү │ бөлмөлүү │
├─┼───────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼──────────┤
│1│Кыргыз Республикасынын Ички │ 74 │ 37 │ 37 │
│ │иштер министрлиги, анын ичинде │ │ │ │
│ │ИИМдин Ички аскерлери │ │ │ │
├─┼───────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼──────────┤
│2│Кыргыз Республикасынын Өзгөчө │ 12 │ 6 │ 6 │
│ │кырдаалдар министрлиги │ │ │ │
├─┼───────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼──────────┤
│3│Кыргыз Республикасынын Коргоо │ 12 │ 6 │ 6 │
│ │министрлиги │ │ │ │
├─┼───────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼──────────┤
│4│Кыргыз Республикасынын │ 8 │ 4 │ 4 │
│ │прокуратура органдары │ │ │ │
├─┼───────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼──────────┤
│5│Кыргыз Республикасынын │ 14 │ 7 │ 7 │
│ │Мамлекеттик улуттук коопсуздук │ │ │ │
│ │комитети, анын ичинде МУККнын │ │ │ │
│ │Чек ара аскерлери │ │ │ │
├─┼───────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼──────────┤
│ │ Бардыгы │ 120 │ 60 │ 60 │
└─┴───────────────────────────────┴─────────────┴──────────┴──────────┘