Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-февралы № 46-б
Оор түшкөн кардын кесепетинен айыл чарба малынын тоютсуз калгандыгынын, ошондой эле жайдын кургакчыл болгондугуна байланыштуу тоют запасынын аздыгынан малдын өлүүсүнүн кокунучу туулгандыгынын айынан жабыр тарткан Ош облусунун Чоң-Алай районунун жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелорация министрлиги Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен бирдикте Чүй облусунун аймагындагы тоют запастары бар чарбалардын тизмесин тез арада аныктасын, малга аралаш тоюттарды жана чөптү топтоо жана жабыр тарткан Чаткал, Чоң-Алай райондоруна жөнөтүү иштерин жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсебинин каражаттарынан оор түшкөн кардан жабыр тарткан райондорго аралаш тоют жана чөп жеткирүүгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымга ылайык өлчөмдө 2012-жылы бюджеттик ассигнование бөлүп берсин:
3 млн. 541 миң 380 сом, анын ичинде:
- 2 млн. 940 миң сом - Ош облусунун Чоң-Алай районуна 150 тонна аралаш тоют, 350 тонна чөп жеткирүү үчүн;
- 601 миң 380 сом - Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна 10 тонна аралаш тоют, 100 тонна чөп жеткирүү үчүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Ош облусунун Чоң-Алай районуна жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна аралаш тоют жана чөп жеткирүүнү камсыз кылсын;
- аралаш тоют жана чөп жеткирүү иштери аяктаганда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалымат берсин.
4. Коррупцияны болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги оор түшкөн кардын айынан жабыр тарткан, катуу муктаж болгон малчыларга аралаш тоютту жана жемди даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |