Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-февралы № 49-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы, 2008-2011-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык аскердик объекттер жайгашкан жерлерди пайдалануу үчүн ижара акысынын ордун толтуруу жөнүндө Протоколунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду жана кошумчаларды киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги мындан ары Тараптар деп аталып,
1993-жылдын 5-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы, Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык аскердик объекттер жайгашкан жерлерди пайдалануу тартиби жана Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө Макулдашуунун, 1997-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы, Кыргыз Республикасынын аймагындагы Россия Федерациясынын Аскер-Деңиз Флотунун объекттери жайгашкан жерлердин ижарасынын шарттары жөнүндө Макулдашуунун жоболорун жетекчиликке алып,
аскер жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө Тараптардын умтулуусун тастыктап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Россия Тарап Кыргыз Тарапка, 1997-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы, Кыргыз Республикасынын аймагындагы Россия Федерациясынын Аскер-Деңиз Флотунун объекттери жайгашкан жерлердин ижарасынын шарттары жөнүндө Макулдашууга ылайык, 2008-2011-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык аскердик объекттер жайгашкан жерлердин ижара акысынын баасын 17 959 980 АКШ доллары жалпы суммасында ордун толтурат.
2-берене.
2008-2011-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык аскердик объекттер жайгашкан жерлерди пайдалануу үчүн ижара акысынын ордун толтуруу Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин аскердик-окуу жайларында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын даярдоо, ошондой эле төлөмдөрдү өз ара төлөө принциптеринде Кыргыз Тарапка акча каражаттарды которуп берүү менен ишке ашырылат.
3-берене.
Россия Тарап Кыргыз Тарапка, келишимдик-контракттык документтерге жана алар менен белгиленген ордун толтуруу ставкаларына ылайык Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин аскердик-окуу жайларында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын даярдоо боюнча кызмат көрсөтөт.
Кыргыз Тараптын кыргыз аскер кызматчыларын Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин аскердик-окуу жайларында окутуу үчүн карызы 2012-жылдын 1-январына карата (2011-жылдын IV кварталы үчүн чыгымдарды эске албастан) Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин аскердик-окуу жайларында 2008-жылдын 29-августундагы N 335/5/11-4 контрагы боюнча аскер кызматчыларды окутуу үчүн өз ара эсептешүүнү салыштыруу актысына ылайык 2 493 741,53 АКШ долларын түзгөн.
Россия Тарап Кыргыз Тарапка, 2008-2011-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык аскердик объекттер жайгашкан жерлерди пайдалануу үчүн ижара акысынын ордун толтуруу эсебинде, ушул берененин экинчи абзацында көрсөтүлгөн Кыргыз Тараптын карызын эске алуу менен 15 466 238,47 АКШ доллар суммасында акча каражатын которот.
Акча каражаттарын которуу Кыргыз Тарап жактан көрсөтүлгөн финансылык реквизиттер боюнча ишке ашырылат.
Россия Тараптын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын окутуу жана акча каражаттарын которуу боюнча чыгымдарынын жалпы суммасы 1-беренеде көрсөтүлгөн ижаранын ордун толтуруунун баасынан ашпайт.
4-берене.
Ушул Протоколдун жоболорун колдонуу жана талкуулоо менен байланышкан Тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
5-берене.
Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптар тарабынан ушул Протокол менен каралган милдеттерди аткарууга чейин күчүндө болот.
201__-жылдын "___" ________________ __________шаарында эки тексти тең бирдей күчкө ээ болгон кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Коргоо министрлиги үчүн Коргоо министрлиги үчүн