Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-февралы № 50-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 100 күнгө иш-чаралардын планына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорго экспертиза жүргүзүү боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин эмгек жана калкты ишке орноштуруу башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин персонал башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза кызматынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин эмгектик мамилелер жана эмгек акы бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппаратты каржылоо башкармалыгынын штаттык санды жана эмгек акыны талдоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза кызматынын башкы адиси;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин адам ресурстарын башкаруу боюнча кызматынын башкы адиси;
- Кыргызстан профсоюздар федерациясынын эмгекчилерди укуктук коргоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстан профсоюздар федерациясынын эмгекчилерди социалдык-экономикалык коргоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстан профсоюздар федерациясынын эмгекти коргоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
- "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Бишкек ишкер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- Бишкек ишкер клубунун юристи (макулдашуу боюнча);
- Салык консультанттар палатасынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
- "Сүт өндүрүүчүлөр союзу" ассоциациясынын персоналдарды башкаруу кызматынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин кафедра башчысы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасында Эмгекти эл аралык уюштуруунун улуттук координатору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2012-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисине төмөнкүлөргө укук берилсин:
- белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |