Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-октябрындагы № 747 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-январы №55
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык кырдаалды стабилдештирүү, ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттин калктын алдындагы социалдык милдеттенмелерин аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 100 күнгө иш-чаралар планы.
2. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча):
- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасына ылайык жана башкаруучу багыттары боюнча тийиштүү иш-чаралар планын иштеп чыгып, бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралар планын эсепке алуу менен белгиленген тартипте бекитип, аларды аткарууга киришсин;
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбей жогоруда аталган иш-чаралар пландарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Жогоруда аталган иш-чаралар пландарын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жекече жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы № 431 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |