Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-февралы № 51-б
Кыргыз Республикасынын финансылык жана банк системасынын туруктуулугун камсыздоо, аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо, "Залкар Банк" ачык акционердик коомунун ишин колдоо жана бүтүндүгүн сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 19-январындагы № 8 буйругун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкметү токтом кылат:
1. "Залкар Банк" ачык акционердик коомду даярдоо жана сатуу программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралоо боюнча агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралоо боюнча агенттиги, "Залкар Банк" ачык акционердик коому жана Дүйнөлүк банктын тобунун Эл аралык финансылык корпорациясынын финансылык консультациялык кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө, экономика жана инвестиция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
| № | Иш-чара | Жооптуулар жана катышуучулар | Аткаруу мөенөтү |
| Даярдоочу иштердин этабы | |||
| 1. | Дүйнөлүк банктын тобунун Эл аралык финансы корпорациясьшын (мындан ары - ЭФК) өкүлдерү менен "Залкар Банк" ачык акционердик коомун (мындан ары -"Залкар Банк" ААКы) даярдоодо жана сатууда ЭФК өкүлдерүн тартуунун мүмкүндүгү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-февралындагы № 31-6 буйругу менен түзүлгөн сүйлөшүүчү топ | 2012-жылдын январь-февралы |
| 2. | "Залкар Банк" ААКын даярдоо жана сатуу үчүн 1 АКШ доллары наркында консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралоо боюнча агенттиги (мындан ары - Агенттик), "Залкар Банк" АЛКы жана ЭФК ортосундагы макулдашууга кол коюу | Агенттик, "Залкар Банк" ААКы, ЭФК (макулдашуу боюнча) | 2012-жылдын февралы |
| 3. | "Залкар Банк" ААКын түзүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө корутунду берүү | Юстиция министрлиги, Улуттук банк, ЭФК (макулдашуу боюнча) | 2012-жылдын февраль-марты |
| 4. | Жалпыга тааньшган эл аралык аудитордук компанияны тартуунун жолу менен "Залкар Банк" ААКынын 2011 -жылдагы финансылык отчеттуулугуна жылдык тышкы аудитти жүргүзүү жана аудитордук корутундуну ЭФКга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү | "Залкар Банк" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2012-жылдын 20-мартына чейин |
| 5. | "Залкар Банк" ААКын баалоо | ЭФК (макулдашуу боюнча) | 2012-жылдын март-апрели |
6. | "Залкар Банк" ААКын сатуу боюнча долбоордун проспектин инвестор үчүн даярдоо | ЭФК, "Залкар Банк" ААКы (макулдашуу боюнча), Агенттик | 2012-жылдын март-апрели | |
7. | "Залкар Банк" ААКыны сатуу процесси менен байланышкан документтердин зарыл пакегтерин (келишимдердин долбоорлору, юридикалык корутундуларды ж.б.) даярдоо үчүн юридикалык компанияны тандоо жана жалдоо | ЭФК (макулдашуу боюнча) | 2012-жылдын февраль-марты | |
8. | "Залкар Банк" ААКынын ишин оптималдаштыруу боюнча планды даярдоо жана бекитүү | "Залкар Банк" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2012-жылдын февраль-марты | |
Сатуу этабы жана сатууну аяктоо | ||||
9. | Долбоорду жүргүзүү, маалыматтардын электрондук базасын түзүү, жарнамалык өнөктүктү өткөрүү (маалыматтык чагылдыруу, ЖМКларда жарыялоо ж.б.), потенциалдуу инвесторлор менен жолугушуу | Агенттик, "Залкар Банк" ААКы, ЭФК (макулдашуу боюнча) | 2012-жылдын апрель-июну | |
10. | Потенциалдуу инвесторлор тарабынан комплекстик экспертиза жүргүзүү (due diligence) | Инвесторлор, "Залкар Банк" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2012-жылдын апрель-июну | |
11. | Потенциалдык инвесторлорду баалоо жана тандоо (квалификация алдында) | Агенттик, "Залкар Банк" ААКы, ЭФК (макулдашуу боюнча) | 2012-жылдын апрель-июну | |
12. | "Залкар Банк" ААКын сатуу боюнча аукционду өткөрүү жана старттык баасын аныктоо | Агенттик, "Залкар Банк" ААКы, ЭФК (макулдашуу боюнча) | 2012-жылдын октябрына чейин | |
13. | "Залкар Банк" ААКынын акцияларынын 100 процентин сатууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан алдын ала макулдук алуу | Аукциондун жеңүүчүсү | 2012-жылдын октябрына чейин | |
14. | Бүтүмдү фондулук биржада жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда каттоо | Аукциондун жеңүүчүсү, Агенттик, Финкезөмөл | 2012-жылдын октябрына чейин | |