Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-февралы № 55-б
1. Киев шаарында 2000-жылдын 25-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Украинанын Министрлер Кабинети төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Киев шаарында 2000-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 1-беренесинин экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин.
"Компетенттүү органдар" - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Украинанын Атайын байланыш жана маалыматты коргоо кызматы.".
2-берене.
Бул Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
3-берене.
Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Тараптар акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин күчүнө кирет.
__________ шаарында 20__-жылдын "___" _________________________ ар
бири кыргыз, украина жана орус тилдеринде болгон эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттери бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Протоколду чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Украинанын Министрлер Кабинети
Өкмөтү үчүн үчүн