Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 22-февралы № 58-б
Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорунун Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык жана социалдык маанисин эске алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-январындагы № 11-б буйругу менен түзүлгөн, 2012-жылдын 18-февралындагы сүйлөшүүнүн протоколу менен таризделген "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун каржылоо боюнча Кытай Эл Республикасынын "Tebian Electric Apparatus Stock Co.Ltd (ТВЕА)" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын чечими эске алынсын.
2. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна Кытай Эл Республикасынын "Tebian Electric Apparatus Stock Co.Ltd (ТВЕА)" компаниясы менен товарларды жана жумуштарды сатып алуу үчүн төмөнкүдөй контракттык макулдашууларды түзүү сунуш кылынсын:
- "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча 342,00 млн АКШ доллары суммасында;
- "Датка" 500 кВ подстанциясынын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясынын экинчи кезегин киргизүүгө жана "Ала-Арча" 220 кВ подстанциясы үчүн 200 МВА кубаттуулуктагы эки автотрансформаторду жеткирүүгө 47,795 млн АКШ доллары суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы жыйынынын күн тартибине ири бүтүм түзүүгө уруксат берүү маселесин киргизүүнү сунуш кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2012-жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун, "Датка" 500 кВ подстанциясынын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясынын экинчи кезегин жана "Ала-Арча" 220 кВ подстанциясы үчүн 200 МВА кубаттуулуктагы эки автотрансформаторду жеткирүүнү каржылоо үчүн Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 389,795 млн АКШ доллары суммасындагы кредитин бөлүп берүү тууралуу өтүнүчтү Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкына жиберсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкына ортосундагы "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун, "Датка" жана "Кемин" 500 кВ подстанцияларынын экинчи кезегин жана "Ала-Арча" 220 кВ подстанциясы үчүн 200 МВА кубаттуулуктагы эки автотрансформаторду жеткирүүнү каржылоо боюнча кредиттик макулдашуунун долбоорун иштеп чыксын, анын шарттары Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдетилген кредит келишиминин шарттарынан кем болбоого тийиш;
- Кредиттик макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
5. "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |