Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-февралы № 59-б
"Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кыянаттык менен колдонууга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат жана Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги,
баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана аларды кыянаттык колдонуунун масштабдары кеңейип баратканына тынчсызданганын билдиришип,
баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү жана аларды кыянаттык пайдалануу Тараптардын мамлекеттеринин элдеринин ден соолугуна жана бакыбаттыгына олуттуу коркунуч жаратаарын түшүнүшүп,
баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана аларды кыянаттык колдонууга каршы күрөштөгү эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо Тараптардын мамлекеттеринин элдеринин кызыкчылыктарынын негизин түзөт деп билишип,
Баңги каражаттары жөнүндө 1961-жылдагы бирдиктүү конвенциянын ага Баңги каражаттары жөнүндө 1961-жылдагы бирдиктүү конвенцияга оңдоолорду киргизүү жөнүндө 1972-жылдагы Протоколго ылайык киргизилген оңдоолору менен, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын, Бириккен Улуттар Уюмунун 1988-жылдагы Баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөш жөнүндө конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 14-августунда түзүлгөн Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана аларды кыянат колдонууга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жоболорун эске алышып,
өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине таянуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Аталган Макулдашуунун предмети болуп Тараптардын баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана аларды кыянаттык пайдаланууга каршы натыйжалуу чара көрүүнү уюштуруу максатындагы кызматташтыгы эсептелет.
2. Аталган Макулдашуу кылмыш иштери боюнча өткөрүп берүү жана укуктук жардам көрсөтүү маселелерине тиешеси болбойт.
2-берене.
1. Тараптардын аталган Макулдашуунун алкагында кызматташтыгы төмөнкү формаларда иш жүзүнө ашырылат:
а) баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана аларды кыянат колдонууга каршы чара көрүү боюнча маалыматтарды алмашуу;
б) баңги каражаттардын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана аларды кыянат колдонууга каршы чара көрүү боюнча операциялык-издөө иштерин жүргүзүүдөгү кызматташтык, анын ичинде контролдонуучу берүүлөр, текшерме сатып алуулар жана далилдерди алмашуу;
в) баңгилик каражаттардын, психотроптук заттардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө контролду, анын ичинде прекурсорлорду эл аралык текшерүү чөйрөсүндө контролду чыңдоо жагында кызматташуу;
г) баңгиликке каршы алдын алууда, тарбиялоодо, пропагандалоодо жана баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду колдонууга тыюу салуу жагында тажрыйба алмашуу, анын ичинде өз ара делегацияларды жөнөтүү, иш боюнча жолугушууларды, кеңешмелерди, конференцияларды жана семинарларды өткөрүү жолу менен тажрыйба алмашуу;
д) мыйзам жана башка ченемдик укуктук актыларды, аларды ишке ашыруу практикасы жөнүндө материалдарды, баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аларды кыянат колдонууга каршы чара көрүү маселелери боюнча, анын ичинде алардын легалдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча статистикалык маалыматтарды жана усулдук рекомендацияларды алмашуу;
е) баңгилик каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аларды кыянат колдонууга каршы чара көрүү боюнча иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
ж) буюм далил жана техника, ошондой эле экспертизаларды жүргүзүү жаатында материалдык жардам жана консультациялык жардам көрсөтүү;
з) баңгилик каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аларды кыянат колдонууга каршы күрөшүү проблемалары боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
и) мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгилик каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун үлгүлөрүн жана аларды изилдөөнүн натыйжаларын алмашуу;
к) кызматташтык процессинде пайда болуучу маселелер боюнча ишти координациялоо, анын ичинде жумушчу топторду түзүү жана өкүлдөрдү алмашуу.
2. Аталган Макулдашуу Тараптардын башка өз ара алгылыктуу кызматташтык формаларын даярдоо жана өнүктүрүүгө бөгөт болбойт.
3-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында маалымат алмашуу төмөнкүлөргө байланыштуу иш жүзүнө ашырылат:
а) башка Тараптын мамлекетинин аймагында жасалган же жасоого даярдалып жаткан баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кыянат колдонууга байланыштуу кылмыштар боюнча;
б) баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аларды кыянат колдонууга тиешеси бар экендиги боюнча шектүү адамдарга карата;
в) баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кыянат колдонууга тиешеси бар жана иш-аракеттери трансулуттук мүнөзгө ээ болгон кылмыштуу топтордун структурасына, кимдер экенине, алардын иш чөйрөсүнө, башкарылышы кандай уюштурулганына жана байланыштарына, анын ичинде алар пайдаланган байланыш каражаттарына карата;
г) Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында иштеген жана баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аларды кыянат колдонууга тиешеси бар айрым адамдар же кылмыштуу топтордун учурдагы абалы жана кылмыш жасоо ыктымалдыгы боюнча;
д) баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аларды кыянат колдонууга тиешеси бар кылмыштуу иштерди жасоонун формалары жана методдору боюнча;
е) баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнөн түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) багытталган иш-аракеттер боюнча;
ж) баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүгө түшүү булактарын аныктоонун формалары менен усулдары жана ушундай мыйзамсыз жүгүртүүнү токтотуу чаралары боюнча;
з) баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду өстүрүүдө, жасоодо, ташууда жана сатууда колдонулуучу катуу жана жашыруу ыкмалары, ошондой эле аларды аныктоо усулдары боюнча;
и) өз ара кызыкчылыкты туудурган башка суроолор боюнча.
4-берене.
1. Бул Макулдашуунун алкагында көмөк көрсөтүү Тараптардын биринин өтүнүчүнүн же ушундай жардам көрсөтүү башка Тарапка керек деп эсептеген демилгесинин негизинде ишке ашырылат.
Көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо жазуу түрүндө жиберилүүгө тийиш.
Кечиктирүүгө болбочу учурларда оозеки суроо кабыл алынышы мүмкүн, бирок ал үч сутка ичинде жазуу түрүндө, зарыл болсо текстти жиберүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен ырасталышы керек.
Алынган суроонун аныктыгы же мазмуну боюнча күмөн пайда болсо, суроону алган Тарап жиберген Тараптан жазуу түрүндө ырастоо жиберүүнү сураса болот.
2. Көмөк көрсөтүү жөнүндө жазуу түрүндөгү суроодо төмөнкүлөр болууга тийиш:
- суроо жиберген жана суроону алуучу Тараптын компетенттүү органдарынын аталыштары;
- суроонун максаты жана негиздемеси;
- суралуучу көмөктүн мазмунуна баяндама;
- суроону аткаруунун мөөнөтү көрсөтүлүшү абзел;
- суроону өз убагында жана тийиштүү түрдө аткаруу үчүн пайдалуу боло турган башка маалыматты.
5-берене.
1. Суроону алган Тарап суроонун мүмкүн болушунча тез жана толук аткарылышын камсыздоо үчүн баардык зарыл чараларды көрөт. Суроо, эреже катары, алынган күндөн 30 суткадан ашпаган мөөнөттө аткарылат. Контролдонуучу берүүлөргө тиешелүү суроо болсо, ал дароо аткарылышы мүмкүн.
2. Суроону алган Тарап суроо жиберген Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө суроону аткаруу учурунда өзүнүн мамлекетинин аймагында болууга уруксат бериши мүмкүн, эгерде ал мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбесе.
6-берене.
1. Эгерде суроону аткаруу мүмкүн болбосо же аны аткаруудан баш тартылса, суроо жиберилген Тарап суроочу Тарапты тез арада жазуу түрүндө маалымдайт да суроону аткарууга бөгөт болгон себептер тууралуу кабарлоо менен суроону жана анын баардык тиркемелерин кайра артка жиберет.
2. Эгерде суроону аткаруу мамлекеттин эгемендигине, коопсуздугуна же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болсо, же ал мамлекеттин мыйзамдарына каршы болсо, анда суроону аткаруудан толук баш тартылышы мүмкүн.
3. Эгерде суроону алган Тарап суроону дароо аткаруу ал мамлекеттин аймагында ишке ашырылып жаткан кылмышты жазалоого же башка өндүрүшкө тоскоол болот деп эсептесе, ал суроону аткарууну кийинкиге жылдырышы же аны суроо жиберген Тарап менен кеңешкенден кийин зарыл деп аныкталган шарттардын аткарылышына жараша ишке ашырышы мүмкүн. Суроочу Тарап сунушталган шарттар менен көмөк көрсөтүлүшүнө макул болсо, анда ал ушул шарттарды аткарууга милдеттүү.
7-берене.
1. Тараптар алынган, ачык эмес же ачыкка чыгарылышы жиберүүчү Тарапка ылайыксыз болгон маалыматтардын жана документтердин жашырындыгын камсыз кылышат.
2. Суроону жиберген Тарап алынган маалыматтарды суроодо көрсөтүлгөн максаттарда гана колдонот.
3. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматтар үчүнчү тарапка маалыматты берген Тараптын жазуу түрүндөгү макулдугусуз берилиши мүмкүн эмес.
8-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун ыкчам аткаруу үчүн Тараптар ыйгарымдуу байланышчу жакты жана тийиштүү байланыш каналын аныкташат.
9-берене.
Тараптар бул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтыкты жүргүзүүдө орус жана кытай тилдерин колдонушат.
10-берене.
1. Эгерде башкача макулдашуу болбосо, Тараптар бул Макулдашууну өзүнүн мамлекетинин аймагында ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды өздөрү көтөрүшөт.
2. Эгерде алардын ортосунда жазуу түрүндөгү башкача макулдашуу болбосо Тараптар өз өкүлдөрүнүн кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына барып-келүүсүнө жана жашоосуна байланыштуу чыгымдарын баарын өздөрүнө алышат.
3. Суроочу Тараптын өкүлдөрүнүн барышы суроо жиберилген Тараптын алдын ала макулдугу менен иш жүзүнө ашырылат.
11-берене.
Бул Макулдашууда каралган кызматташтыкты ишке ашыруунун жүрүшүн кароо жана аны андан аркы өркүндөтүүнүн багыттарын иштеп чыгуу үчүн Тараптар биргелешкен жумушчу жолугушууларды, кеңешмелерди, семинарларды өткөрүшү керек.
Жолугушуулар кезеги менен Тараптардын ар биринин мамлекетинде өткөрүлөт.
12-берене.
Бул Макулдашуунун 2-беренесинин ж), з) жана и) пунктчаларында каралган кызматташууну ишке ашыруунун конкреттүү формалары жана атап айтканда аны каржылоо Тараптардын ортосундагы өзүнчө макулдашуулар менен аныкталат.
13-берене.
Тараптардын макулдашуусу менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана алар ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелүүчү, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
14-берене.
Тараптар бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу болуучу бардык талаш маселелерди кеңешүү жолу менен чечишет.
15-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири экинчи Тараптан бул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү алган күндөн кийин үч ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
____________ шаарында 20-жылдын "__" _________ эки нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү жана баардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Макулдашуунун текстин түшүнүүдө карама-каршылык пайда болсо негиз катары орус тилиндеги тексти алынат.
Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Баңги Коомдук коопсуздук
заттарды контролдоо боюнча министрлиги үчүн
мамлекеттик кызмат үчүн