Редакцияот 28.02.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 28-февралы № 61-б

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 1279-V "Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн:

1. Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн абалын иликтөө үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:

Орозбеков М.О.

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Ташиев Ж.А.

-

Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Абакиров К.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башкы адиси, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча).

 

 

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

Абдылдаев С.

-

Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин жетектөөчү адиси;

Артыкова О.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;

Астраханова С.З.

-

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси (макулдашуу боюнча);

Дыйканбаева Г.К.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери (макулдашуу боюнча);

Иманкулов М.К.

-

Кыргыз билим берүү академиясынын тарыхий-коом таануу жана эстетикалык предметтер лабораториясынын башчысы;

Маасалиев А.К.

-

Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Ракиев З.Ш.

-

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын муфтийинин орун басары (макулдашуу боюнча).

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасындагы диний билим берүүнүн абалын иликтесин:

- диний билим берүү процессин андан ары тартипке келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүү үчүн маалымат даярдасын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов