Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-февралы № 63-б
Кыргыз Республикасынын спортчуларын 2012-жылы Лондон (Улуу Британия) шаарында өтө турган XXX Олимпиадалык оюндарга ийгиликтүү даярдоону жана катышууну камсыз кылуу максатында:
1. 2012-жылы Лондон (Улуу Британия) шаарында өтө турган XXX Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын спортчуларын даярдоону камсыз кылуу боюнча уюштуруу комитетинин курамы (мындан ары - Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети:
- 2012-жылы Лондон (Улуу Британия) шаарында өтө турган XXX Олимпиадалык оюндарга (мындан ары - XXX Олимпиадалык оюндар) спортчуларды даярдоонун жана катышуусунун негизги маселелери боюнча квартал сайын жумушчу кеңешме өткөрсүн;
- XXX Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине бир жолку сыйлык берүүнүн суммасын белгилесин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине республиканын курама командаларын даярдоо үчүн Уюштуруу комитети сунуштаган графикке ылайык финансы каражаттарын өз убагында бөлүүнү 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети жана Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча федерациялары менен бирдикте:
курама командалардын даярдыгын керектүү контролдоону камсыз кылышсын, алардын курамына өзгөртүүлөрдү оперативдүү киргизишсин;
курама командалардын машыгуулары өтүүчү жерлерди аныкташсын жана бекитишсин, республиканын курама командаларынын мүчөлөрүнүн сапаттуу даярдануусун камсыз кылуу үчүн спорттук базаларды зарыл инвентарлар жана шаймандар менен жабдуу боюнча чараларды көрүшсүн;
XXX Олимпиадалык оюндарга даярдануу жана катышуу планына ылайык Кыргыз Республикасынын курама командаларына зарыл шарттарды түзүшсүн;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курама командалардын зарыл дары-дармек каражаттарына болгон талаптарын аныкташсын жана аларды сатып алууну ишке ашырышсын;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте республиканын спорттук делегациясын Лондон (Улуу Британия) шаарына жеткирүүнү камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги XXX Олимпиадалык оюндарга катышуу укук берүүчү, эл аралык мелдештерге чыгуучу Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын мүчөлөрүнүн визаларын тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.
6. Жалпыга маалымдоо каражаттарына XXX Олимпиадалык оюндарга республиканын курама командасынын даярдыгынын жүрүшүн жана катышуусун чагылдыруу сунушталсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин командачысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Курама командаларды олимпиадалык даярдоо борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Эркин күрөш федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жеңил атлетика федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Оор атлетика федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).