Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-марты № 66-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикти жоюу боюнча комиссия (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жоюу комиссиясы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикти жоюу жөнүндө кулактандырууну жарыяласын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин бошотуу маселесин чечсин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумуштан кетүү жана социалдык пособиелерди, эмгек акыларын төлөөнү жана башка эсептелген төлөөлөрдү жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мүлкүн эсепке алууну жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жоюу балансын даярдасын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өндүрүшүндөгү документтерин мамлекеттик архивге өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишинин токтотулганын каттоо үчүн зарыл болгон документтердин пакетин даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бошоп калган кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жоюлуп жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бошотулган кызматкерлерине биротоло эсептешүүнү, иштен кетүү жана социалдык пособиелерди төлөп берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына каражат карасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Токтоналиев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы, комиссиянын төрагасы. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Кожобергенов Н.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппаратты каржылоо башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Сейитбаева О.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Карагул уулу Жакып | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укуктук колдоо бөлүмүнүн начальниги; |
Садыбакунова Р.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын финансы бөлүмүнүн начальниги; |
Бостонбаева З.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы бухгалтери; |
Тулебаева А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин юридика, талдоо иштери жана адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси; |
Эгинбаев А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин сапатты өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн адиси; |
Султанбаев М.Ы. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар департаментинин алдындагы "N 2 дирекция" мамлекеттик ишканасынын коменданты. |