Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 60-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-марты № 67-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш төмөнкү курамда бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Премьер - министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору, Кеңештин катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июнундагы № 298-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 575-б буйругу.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |