Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 38-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-февралы № 60-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору, Кеңештин катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы № 67-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |