Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-марты № 71-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Эки тараптуу консультациялар боюнча кызматташуу протоколунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги мындан ары "Тараптар" деп аталып;
өз ара достук мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө аракети менен;
эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту мындан ары да бекемдөөгө багытталган кызматташууну улантууну каалоо менен;
демократиянын, адам укуктарынын жана негизги эркиндиктердин принциптерине берилгендигин дагы бир жолу ырастоо менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган бардык тармактар боюнча кызматташууну колдошот жана алардын ортосунда түз байланыштарды орнотууга аракеттенишет. Ошондой эле Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу өткөрүү шарттары алдын ала макулдашылган семинарларды, биргелешкен изилдөө иштерин уюштурууга көмөкчү болушат.
2-берене.
Тараптар эл аралык жана аймактык уюмдар алкагында өз иштерин координациялоо максатында кызматташышат жана бири-бирине кеңеш беришет.
3-берене.
Тараптар жыл сайын же ар бир 2 жылда саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүп турушат. Мындай консультациялар эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнүн ортосунда, эки өлкөнүн борбор шаарларында кезеги менен эки тараптуу жана ар тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулоо максатында жана өз ара кызыкчылыктарды туудурган маселелер боюнча пикир алмашуу максатында өткөрүлүп турат.
4-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган конкреттүү маселелерди изилдөө үчүн атайын эксперттер тобун түзө алышат.
5-берене.
Консультацияларды өткөрүүнүн күнү, орду жана деңгээли дипломатиялык каналдар аркылуу алдын ала макулдашылат.
6-берене.
Бул Протокол эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн башка эки тараптуу макулдашуулардан чыккан милдеттерге тиешелүү эмес.
7-берене.
Тараптар бул Протоколду алардын өлкөлөрүндө колдонулган мыйзамдарга ылайык ишке ашырышат.
8-берене.
Протоколдун жоболорун чечмелөөдө жана пайдаланууда келип чыккан ар кандай талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда консультация жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор эки Тарап макулдашкан тартипте күчүнө кирет жана бул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
10-берене.
Бул Протокол Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү болгон ички мамлекеттик жол жоболорду Тараптардын аткарганы тууралуу жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүдөн кийинки күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою иштейт. Эгерде Тараптардын бири Протоколдун колдонулуу мөөнөтү аягына чыгаардан алты ай мурда аны колдонууну токтотуу ниетин башка Тарапка жазуу түрүндө билдирбесе анын колдонулушу автоматтуу түрдө кийинки мөөнөткө же мөөнөттөргө узартыла берет.
__________ шаарында 2012-жылдын "__" ________ эки нускада, ар бири кыргыз, араб жана англис тилинде түзүлдү. Мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Протоколду чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетинин
Тышкы иштер министрлиги үчүн Тышкы иштер министрлиги үчүн