Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 5-марты № 76-б

 (КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 21-ноябрындагы № 549-б буйругунун

редакциясына ылайык)

 

Бишкек шаарынын калкын электр, жылуулук энергиясы жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, ошондой эле Бишкек шаарындагы ТЭЦте пайда болгон жылуулук менен камсыздоодогу кыйын абалды эске алып:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Бишкек шаарынын ТЭЦинде жооптуу сактоодо турган 57102 тонна таш көмүрдү белгиленген тартипте брондон чыгарсын жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна өткөрүп берсин.

2. "Электр станциялары" ачык акционердик коому пролонгация кылуу укугу жок 2013-жылдын 1-апрелине чейин бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн сандагы таш көмүрдү мамлекеттик материалдык резервге кайрадан койсун.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 549-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 549-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов