КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-марты № 87-б
"Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишмерлигин тыюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жүзөгө ашыруу максатында:
1. Облустук мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрияларынын башчылары оюн-зоок жайларынын ээлери менен биргеликте жарнама щиттерин, казино жана оюн-зоок автоматтарынын залдарынын көрнөктөрүн оюн-зоок жайларынын ээлеринин эсебинен алып салуу (демонтаждоо) боюнча иш-чараларды жүргүзүшсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |