РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 87-б (Жарнама щиттерин, казино жана оюн-зоок автоматтарынын залдарынын көрнөктөрүн алып салуу боюнча) буйругу

Редакция16.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 16-марты № 87-б

"Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишмерлигин тыюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жүзөгө ашыруу максатында:

1. Облустук мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрияларынын башчылары оюн-зоок жайларынын ээлери менен биргеликте жарнама щиттерин, казино жана оюн-зоок автоматтарынын залдарынын көрнөктөрүн оюн-зоок жайларынын ээлеринин эсебинен алып салуу (демонтаждоо) боюнча иш-чараларды жүргүзүшсүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов